00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
06:00
3 мин
Жаңылыктар
07:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
2 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
7 мин
Стимул
Ат жалында казан аскан компаниялар элди эмнеси менен кызыктырат?
19:08
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
8 мин
Особый акцент
Как бороться с кражами на предприятии — советы юриста
20:09
43 мин
Ачык кеп
Эски темир көрнөк-жарнактардын ордуна заманбап LED экрандар жайгашат – Бишкекте демонтаждоо иштери кандай жүрүүдө?
23:05
40 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёевдин жолугушуусундагы маанилүү жагдайлар

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын өлкө башчысы Садыр Жапаров жана Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев
Кыргызстандын өлкө башчысы Садыр Жапаров жана Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.03.2021
Жазылуу
Садыр Жапаров Өзбекстанга жасаган мамлекеттик сапарынын биринчи күнүндө президент Шавкат Мирзиёев менен жолугушту. КР президентинин аппараты өлкө башчылары эмне тууралуу сүйлөшкөнүн айтты.
БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Кыргызстандын өлкө башчысы Садыр Жапаров Өзбекстанга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында президент Шавкат Мирзиёев менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Мирзиёев эмне деди?

Шавкат Мирзиёев эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүк деңгээлин канааттануу менен белгиледи. Ал Кыргызстан менен олуттуу жана толук масштабдуу кызматташтыкка, ошондой эле бул максаттар үчүн бардык ресурстарды колдонууга даяр экенин айтты.
Президент Садыр Жапаров менен Өзбекстан Президенти Шавкат Мирзиёевдин жолугушуу  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.03.2021
Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев расмий жолукту. Сүрөттөр
Мирзиёев эки өлкөнүн эли реалдуу натыйжаларды сезип, мамлекет башчылары сөздөн ишке өтүп жатканын көрүшү керектигин билдирди.
Тактап айтканда, өзбек президенти соода жүгүртүү көлөмүн көбөйтүү жана бардык тоскоолдуктарды жоюу, биргелешкен ишканалардын санын элүүгө жеткирүү менен бизнес объектилердин ортосундагы кооперацияларды күчтөндүрүү зарылдыгын белгиледи. Мындан сырткары, Кыргыз-Өзбек инвестициялык фондун түзүү, транспорттук потенциалды натыйжалуу пайдалануу, суу жана энергетика жаатында кызматташуу, чек ара маселелери тууралуу айтып өттү.
“Өзбек тарап эки бир тууган элдин өсүп-өнүгүшү үчүн биргелешкен жигердүү жана жемиштүү иштерди алып баруу ниетинде”, — деп белгиледи Мирзиёев.

Жапаров эмнелерге токтолду?

Өз кезегинде Жапаров Кыргызстан үчүн Өзбекстан менен эки тараптуу өз ара байланыш, достук жана ынак коңшулук мамилелерди мындан ары ырааттуу өнүктүрүү тышкы саясаттын негизги артыкчылыктарынын бири болуп кала берерин айтты.
“Кыргыз тараптын бардык көйгөйлүү маселелер боюнча конструктивдүү жана натыйжалуу диалогго даяр экендигине дагы бир жолу ишендирип өтөйүн. Биз биргеликте чек ара маселелеринде эки тарапка тең пайдалуу чечимге келе алабыз», — деген Жапаров.
Жапаров ошондой эле Кыргызстан соода-экономикалык кызматташууну ар тараптуу кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө өзгөчө маани берерин билдирип, биргелешип иштөөгө даяр экендигин айтты.
Жыйынтыгында Жапаров президент Мирзиёевди Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.
Жаңылыктар түрмөгү
0