https://sputnik.kg/20210313/enesinin-kaytargan-kichinekey-pildin-okuyasy-1051761337.html
Энесине эч кимди жолотпой, чаңырып кууган пилдин баласы. Ич жылыткан видео
Энесине эч кимди жолотпой, чаңырып кууган пилдин баласы. Ич жылыткан видео
Sputnik Кыргызстан
Пилдин чоңоюп калган баласы үнүн ачуу чыгарып, бир нече кишини токой аралата кубалап, андан соң кайра кайтып келип, энесинин жанында айланчыктап жүргөн видео... 13.03.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-03-13T18:28+0600
2021-03-13T18:28+0600
2021-12-16T13:58+0600
жаңылыктар
дүйнөдө
видео
мультимедиа
корук
пил
эне
бала
https://sputnik.kg/img/07e5/03/0c/1051756335_0:0:1275:720_1920x0_80_0_0_00fa29277b184228811d9790aa20cbfc.jpg
Бул кадрлар Таиланддагы Кхао Анг Ауанай жаратылыш коругунда тартылган. Ал жерге барган улуттук парктын кызматкерлери дароо эле жаныбарга медициналык жардам бере алган эмес. Адамдардын жакшы ниет менен келгенин түшүнбөгөн кичинекей пил адамдарды тызылдата кубалаган.Кишилер кичинекей жаныбардын кылыгына маашырланып, каткырып, алыстан бир топ убакытка чейин акмалап турушканы кадрга түшүп калган.Болжол менен үч жаштагы пил энесинин жанына эч кимди жолотпой, коргоп туруп алган. Видеодон баласы жерде жаткан эне пилди айланчыктап, чоочун адамдарды жанына жакындатпай жаткандыгын көрүүгө болот.Кызматкерлер кол кабыш кылууга армия кызматкерлерин чакыртууга аргасыз болушкан. Пилдин баласын суу менен коркутууга аракет кылышкан, бирок ал моюн берген эмес. Айласы кеткен ветеринарлар ага дары берип, уктатып, энесин дарылоого өтүшкөн. Алгачкы жардам көрсөтүлүп, тамчылатма дары куюлган.Маалыматта учурда ноокастаган пил ветеринардын кароосунда атайын жайда экени, ал эми каарман баласы атайын тордо, коопсуз жерде багылып жатканы айтылган.
https://sputnik.kg/20210227/balasyn-korgop-arstandy-kabylandy-kuugan-buyvol-1051606895.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/03/0c/1051756335_63:0:1209:720_1920x0_80_0_0_03756df3a5b7f289de2bab91a1cc9fad.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, дүйнөдө, видео, мультимедиа, корук, пил, эне, бала
жаңылыктар, дүйнөдө, видео, мультимедиа, корук, пил, эне, бала
Энесине эч кимди жолотпой, чаңырып кууган пилдин баласы. Ич жылыткан видео
18:28 13.03.2021 (Жаңыртылды: 13:58 16.12.2021) Пилдин чоңоюп калган баласы үнүн ачуу чыгарып, бир нече кишини токой аралата кубалап, андан соң кайра кайтып келип, энесинин жанында айланчыктап жүргөн видео интернет айдыңына тарады.
Бул кадрлар Таиланддагы Кхао Анг Ауанай жаратылыш коругунда тартылган. Ал жерге барган улуттук парктын кызматкерлери дароо эле жаныбарга медициналык жардам бере алган эмес. Адамдардын жакшы ниет менен келгенин түшүнбөгөн кичинекей пил адамдарды тызылдата кубалаган.
Кишилер кичинекей жаныбардын кылыгына маашырланып, каткырып, алыстан бир топ убакытка чейин акмалап турушканы кадрга түшүп калган.
27 Бирдин айы 2021, 09:44
Болжол менен үч жаштагы пил энесинин жанына эч кимди жолотпой, коргоп туруп алган. Видеодон баласы жерде жаткан эне пилди айланчыктап, чоочун адамдарды жанына жакындатпай жаткандыгын көрүүгө болот.
Кызматкерлер кол кабыш кылууга армия кызматкерлерин чакыртууга аргасыз болушкан. Пилдин баласын суу менен коркутууга аракет кылышкан, бирок ал моюн берген эмес. Айласы кеткен ветеринарлар ага дары берип, уктатып, энесин дарылоого өтүшкөн. Алгачкы жардам көрсөтүлүп, тамчылатма дары куюлган.
Маалыматта учурда ноокастаган пил ветеринардын кароосунда атайын жайда экени, ал эми каарман баласы атайын тордо, коопсуз жерде багылып жатканы айтылган.