https://sputnik.kg/20210331/ntv-60-zhashtan-ashkandar-katysha-alat-1051956654.html
Эми ата-апалар катыша алат. НТВ каналы "Ты супер! 60+" сынагын баштады
Эми ата-апалар катыша алат. НТВ каналы "Ты супер! 60+" сынагын баштады
Sputnik Кыргызстан
"Ты супер" шоусу бир нече ирет ТЭФИ премиясынын лауреаты болгон. "Ты супер! 60+" сынагын НТВ телекомпаниясы менен Sputnik эл аралык маалымат агенттиги жана... 31.03.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-03-31T15:53+0600
2021-03-31T15:53+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
маданият
россия
дүйнөдө
нтв
шоу
сынак
долбоор
"ты супер! 60+" сынагы
https://sputnik.kg/img/07e5/03/1f/1051956610_0:113:2622:1596_1920x0_80_0_0_7cfe769f37e076d85d95ca542df445ff.jpg
БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. НТВ телеканалы жаңы музыкалык долбоордун алкагында "Ты супер! 60+" сынагын жарыялады.Конкурска түрдүү себептерден улам жакындарынын колдоосу жок калган Россия, КМШ жана Балтика мамлекеттеринде жашаган 60 жаштан жогорку курактагы вокалисттер катышат.НТВ телеканалынын башкы продюсери Тимур Вайнштейндин айтымында, "Ты супер!" долбоорунун жаңы багыты жөн жерден пайда болгон жок.Анын айтымына караганда, конкурс вокалисттерге жакындары менен кайрадан көрүшүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берет.Учурда кастинг соңуна чыкты. Долбоордун эң жаш катышуучусу 60ка чыкса, эң улуусу 87де. Вокалисттер арасында тажрыйбалуулары бар. Мисалы, жаңы шоунун биринчи сезонуна консерваториянын бүтүрүүчүлөрү жана Мариинский театрынын артисти өткөн. Бирок катышуучулардын көпчүлүгү музыка менен байланышы жоктор — дарыгерлер, химиктер, үй кожойкелери, Ички иштер министрлигинин отставкадагы полковниги.Сынакты мурдагыдай эле Вадим Такменёв менен Анастасия Пак алып барат. Ал эми калыстар тобунун мүчөлөрү менен продюсерлер азырынча сыр бойдон калууда. Эрежелери дагы мурдагыдай эле.Сахнага чыккандан кийин күтүү зонасына өтүү үчүн катышуучулар үч же төрт калыстын "ооба" деген жообун алышы керек. Андай болбой калса вокалист сынактан кетиши керек болот."Ты супер" шоусу бир нече ирет ТЭФИ премиясынын лауреаты болгон. "Ты супер! 60+" сынагын НТВ телекомпаниясы менен Sputnik эл аралык маалымат агенттиги жана радиосу Агартуу министрлигинин колдоосу менен өткөрүп жатат.
https://sputnik.kg/20210330/akyn-synak-poehziya-sharttary-1051935736.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/03/1f/1051956610_0:30:2622:1679_1920x0_80_0_0_653083b28edc52cfd6694d4e912c0f99.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, маданият, россия, дүйнөдө, нтв, шоу, сынак, долбоор, "ты супер! 60+" сынагы
жаңылыктар, маданият, россия, дүйнөдө, нтв, шоу, сынак, долбоор, "ты супер! 60+" сынагы
Эми ата-апалар катыша алат. НТВ каналы "Ты супер! 60+" сынагын баштады
15:53 31.03.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) "Ты супер" шоусу бир нече ирет ТЭФИ премиясынын лауреаты болгон. "Ты супер! 60+" сынагын НТВ телекомпаниясы менен Sputnik эл аралык маалымат агенттиги жана радиосу Агартуу министрлигинин колдоосу менен өткөрүп жатат.
БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. НТВ телеканалы жаңы музыкалык долбоордун алкагында "Ты супер! 60+" сынагын жарыялады.
Конкурска түрдүү себептерден улам жакындарынын колдоосу жок калган Россия, КМШ жана Балтика мамлекеттеринде жашаган 60 жаштан жогорку курактагы вокалисттер катышат.
НТВ телеканалынын башкы продюсери Тимур Вайнштейндин айтымында, "Ты супер!" долбоорунун жаңы багыты жөн жерден пайда болгон жок.
"18 мамлекеттен келген 385 бала үчүн шоунун мааниси чоң болуп калды. Эми болсо чыгармачылык потенциалын өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүгү болбой, жакындарынын колдоосу жок калган улгайган адамдарга жардам бергибиз келип жатат", — деди Вайнштейн.
Анын айтымына караганда, конкурс вокалисттерге жакындары менен кайрадан көрүшүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берет.
Учурда кастинг соңуна чыкты. Долбоордун эң жаш катышуучусу 60ка чыкса, эң улуусу 87де. Вокалисттер арасында тажрыйбалуулары бар. Мисалы, жаңы шоунун биринчи сезонуна консерваториянын бүтүрүүчүлөрү жана Мариинский театрынын артисти өткөн. Бирок катышуучулардын көпчүлүгү музыка менен байланышы жоктор — дарыгерлер, химиктер, үй кожойкелери, Ички иштер министрлигинин отставкадагы полковниги.
30 Жалган Куран 2021, 08:31
Сынакты мурдагыдай эле Вадим Такменёв менен Анастасия Пак алып барат. Ал эми калыстар тобунун мүчөлөрү менен продюсерлер азырынча сыр бойдон калууда. Эрежелери дагы мурдагыдай эле.
Сахнага чыккандан кийин күтүү зонасына өтүү үчүн катышуучулар үч же төрт калыстын "ооба" деген жообун алышы керек. Андай болбой калса вокалист сынактан кетиши керек болот.
"Ты супер" шоусу бир нече ирет ТЭФИ премиясынын лауреаты болгон. "Ты супер! 60+" сынагын НТВ телекомпаниясы менен Sputnik эл аралык маалымат агенттиги жана радиосу Агартуу министрлигинин колдоосу менен өткөрүп жатат.