https://sputnik.kg/20210410/unaanyn-nookendegi-bashchysy-karmaldy-1052070119.html
Жолтандабастар, 3 млн. сомдук зыян. "Унаанын" Ноокендеги башчысы кармалды
Жолтандабастар, 3 млн. сомдук зыян. "Унаанын" Ноокендеги башчысы кармалды
Sputnik Кыргызстан
Абхазиядан алып келинип мыйзамсыз катталган кымбат баалуу автоунаалар боюнча коррупциялык схема аныкталган. 10.04.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-04-10T15:40+0600
2021-04-10T15:40+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
кыргызстан
окуялар
ноокен
кармоо
укмк
жолтандабас
каттоо
https://sputnik.kg/img/07e5/04/0a/1052069431_0:0:1097:620_1920x0_80_0_0_822c47e7c4ab6eb32628d0216a653e65.jpg
БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. "Унаа" мамлекеттик мекемесинин Ноокен райондук секторунун башчысы О.М.А. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.Билдирмеге караганда, Абхазиядан алып келинип бажы декларациясынан өтпөгөн, мыйзамсыз катталган кымбат баалуу автоунаалар боюнча коррупциялык схема аныкталган. Бул иш боюнча УКМК тарабынан Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүмү ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен КЖБРге катталып, сотко чейинки өндүрүш ачылганы белгиленет.Мындан улам кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы менен "Унаа" мекемесинин Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук секторунун башчысы кармалган.УКМК тарабынан бардык жагдайларды жана бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.
ноокен
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/04/0a/1052069431_0:0:987:620_1920x0_80_0_0_3de5de1dfeb85ada073baf16c7acf80a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, кыргызстан, окуялар, ноокен, кармоо, укмк, жолтандабас, каттоо
жаңылыктар, кыргызстан, окуялар, ноокен, кармоо, укмк, жолтандабас, каттоо
Жолтандабастар, 3 млн. сомдук зыян. "Унаанын" Ноокендеги башчысы кармалды
15:40 10.04.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Абхазиядан алып келинип мыйзамсыз катталган кымбат баалуу автоунаалар боюнча коррупциялык схема аныкталган.
БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. "Унаа" мамлекеттик мекемесинин Ноокен райондук секторунун башчысы О.М.А. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, Абхазиядан алып келинип бажы декларациясынан өтпөгөн, мыйзамсыз катталган кымбат баалуу автоунаалар боюнча коррупциялык схема аныкталган. Бул иш боюнча УКМК тарабынан Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүмү ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен КЖБРге катталып, сотко чейинки өндүрүш ачылганы белгиленет.
"Эки Lexus GX үлгүсүндөгү унаага Россиядан транзиттик каттоо боюнча жасалма документ даярдалган. Анын негизинде жолтандабастарга Кыргызстанда техникалык паспорт жана мамлекеттик номер берилген. Мунун кесепетинен мамлекетке бажы төлөмдөрү түшпөй бюджетке 3 миллион сомдон ашык зыян келтирилгендиги аныкталды", — деп айтылат маалыматта.
Мындан улам кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы менен "Унаа" мекемесинин Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук секторунун башчысы кармалган.
УКМК тарабынан бардык жагдайларды жана бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.