https://sputnik.kg/20210506/ort-ochuruu-kyzmaty-tehnikalyk-baza-sharttar-akyrky-statistika-1052402934.html
Курманалиев: былтыркыга салыштырмалуу өрттөн каза болгондор 50%га көп
Курманалиев: былтыркыга салыштырмалуу өрттөн каза болгондор 50%га көп
Sputnik Кыргызстан
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрттүн алдын алуу бөлүмүнүн улук офицери, полковник Аман Курманалиев бул жылы май айына чейин республика боюнча 800 өрт... 06.05.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-05-06T11:27+0600
2021-05-06T11:27+0600
2021-12-14T14:27+0600
радио
кыргызстан
коом
өрт өчүрүүчү
кырсык
техника
https://sputnik.kg/img/07e5/05/06/1052402833_0:0:3068:1735_1920x0_80_0_0_086139ad44e6c58b88079017592d7189.jpg
Курманалиев: былтыркыга салыштырмалуу өрттөн каза болгондор 50%га көп
Sputnik Кыргызстан
Курманалиев: былтыркыга салыштырмалуу өрттөн каза болгондор 50%га көп
Алдыдагы төрт айда тилсиз жоонун кесепетинен келип чыккан чыгымдын көлөмү 101 миллион 635 миң сомду түздү. Өткөн жылга салыштырмалуу, тилекке каршы, өрт кырсыгынан каза болгондор 50 пайызга көбүрөөк болуп жатат. Бул тууралуу Аман Курманалиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.Анын айтымында, Бишкек шаары боюнча тогуз өрт өчүрүү бөлүмү бар жана калаанын четинде да кошумча бөлүм ачылышы зарыл.Полковник өрт өчүрүү кызматына шаардын жолдорунун тардыгы, айрым жарандардын жоопкерчиликсиздиги жана унаалардын чар-жайыт токтотулушу тоскоолдук жаратарын кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/05/06/1052402833_0:0:3068:1929_1920x0_80_0_0_34782c798039fea139d54e0fa2de98d9.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, коом, өрт өчүрүүчү, кырсык, техника
кыргызстан, коом, өрт өчүрүүчү, кырсык, техника
Курманалиев: былтыркыга салыштырмалуу өрттөн каза болгондор 50%га көп
11:27 06.05.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрттүн алдын алуу бөлүмүнүн улук офицери, полковник Аман Курманалиев бул жылы май айына чейин республика боюнча 800 өрт кырсыгы катталгандыгын айтты.
Алдыдагы төрт айда тилсиз жоонун кесепетинен келип чыккан чыгымдын көлөмү 101 миллион 635 миң сомду түздү. Өткөн жылга салыштырмалуу, тилекке каршы, өрт кырсыгынан каза болгондор 50 пайызга көбүрөөк болуп жатат. Бул тууралуу Аман Курманалиев
Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Бишкек шаары боюнча тогуз өрт өчүрүү бөлүмү бар жана калаанын четинде да кошумча бөлүм ачылышы зарыл.
"Азыркы учурда тилсиз жоо менен күрөшүүгө шарттар канааттандырарлык. Бирок айта кетчү жагдай, айрым техниканы союз мезгилинен бери колдонуп келебиз. Азыр борбор калаада бийик үйлөр курула баштады. Учурда 15-кабатка чейин гана жете турган эки шатыбыз бар. Өрт өчүрүүчү техниканын пайдалануу мөөнөтү 10 жыл деп белгиленген. Бирок биз унааларды 30 жылдап колдонуп жатабыз. Акыркы жолу 2009-жылы база масштабдуу жаңыланып, 72 даана техника келген. Азыр эми өлкө башчы жана ӨКМдин башчысы коңшу мамлекеттерге барган сапарларында техника таңсыктыгын чечүү үчүн макулдашууларды жүргүзүп жатышат", — деди Курманалиев.
Полковник өрт өчүрүү кызматына шаардын жолдорунун тардыгы, айрым жарандардын жоопкерчиликсиздиги жана унаалардын чар-жайыт токтотулушу тоскоолдук жаратарын кошумчалады.