https://sputnik.kg/20210512/tom-kruz-altyn-globus-syjlyk-1052466199.html
Том Круз расалык чырдан улам "Алтын глобустун" үч сыйлыгын кайтарды
Том Круз расалык чырдан улам "Алтын глобустун" үч сыйлыгын кайтарды
Sputnik Кыргызстан
"Алтын глобус" — "Оскардан" кийинки эле беделдүү киносыйлык. Голливудда аккредитациядан өткөн чет элдик журналисттердин атынан биринчи сыйлык 1944-жылы... 12.05.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-05-12T09:23+0600
2021-05-12T09:23+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
маданият
дүйнөдө
том круз
сыйлык
расизм
https://sputnik.kg/img/07e5/05/0b/1052464029_0:316:2048:1474_1920x0_80_0_0_662f5d223dcda4e4502d20b6280d39d0.jpg
БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Америкалык актёр Том Круз Голливуддун Чет элдик пресса ассоциациясына "Алтын глобустун" үч сыйлыгын кайтарып берди. Бул тууралуу CNN жазды.Маалыматка караганда, актёр сыйлык тапшырган калыстар тобунун курамы түрдүү расадагы адамдардан түзүлбөгөндүгүнө каршы чыгып ушундай кадамга барган.Том Круз "Джерри Магуайр" тасмасында, "Рождённый четвёртого июля" жана "Магнолии" тасмаларында эркектин ролун мыкты аткаргандыгы үчүн "Алтын глобус" сыйлыгын алган.Киносыйлыктын айланасындагы чыр үстүбүздөгү жылдын февраль айында башталган. Los Angeles Times гезити "Алтын глобус" сыйлыгынын 87 журналисттен түзүлгөн калыстар тобунда бир дагы кара түстөгү адам жок экенин жазып чыккан. Мындан улам Netflix сервиси кызматташуудан баш тарткан. Дүйшөмбү күнү сыйлык тапшыруу аземин 1996-жылдан бери чагылдырып келе жаткан NBC телеканалы 2022-жылдагы иш-чараны көрсөтүүдөн баш тарткан. Алар расалык маселе чечилсе 2023-жылдан тарта кызматташарын айтышкан.Кечээ күнү Чет элдик пресса ассоциациясы калыстар тобун реформалоо боюнча планын жарыялады. Ага ылайык, 2021-жылдын август айында анын курамына 20 жаңы мүчө кошулат. Мындан тышкары, уюм жаңы этикалык кодексти иштеп чыгат."Алтын глобус" — "Оскардан" кийинки эле беделдүү киносыйлык. Голливудда аккредитациядан өткөн чет элдик журналисттердин атынан биринчи сыйлык 1944-жылы тапшырылган.
https://sputnik.kg/20210410/kaskader-uson-kudajbergenov-surottor-1052072484.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/05/0b/1052464029_0:251:2048:1539_1920x0_80_0_0_48a7303ca3c1dd3fccde197ca53fa649.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, маданият, дүйнөдө, том круз, сыйлык, расизм
жаңылыктар, маданият, дүйнөдө, том круз, сыйлык, расизм
Том Круз расалык чырдан улам "Алтын глобустун" үч сыйлыгын кайтарды
09:23 12.05.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) "Алтын глобус" — "Оскардан" кийинки эле беделдүү киносыйлык. Голливудда аккредитациядан өткөн чет элдик журналисттердин атынан биринчи сыйлык 1944-жылы тапшырылган.
БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Америкалык актёр Том Круз Голливуддун Чет элдик пресса ассоциациясына "Алтын глобустун" үч сыйлыгын кайтарып берди. Бул тууралуу
CNN жазды.
Маалыматка караганда, актёр сыйлык тапшырган калыстар тобунун курамы түрдүү расадагы адамдардан түзүлбөгөндүгүнө каршы чыгып ушундай кадамга барган.
Том Круз "Джерри Магуайр" тасмасында, "Рождённый четвёртого июля" жана "Магнолии" тасмаларында эркектин ролун мыкты аткаргандыгы үчүн "Алтын глобус" сыйлыгын алган.
Киносыйлыктын айланасындагы чыр үстүбүздөгү жылдын февраль айында башталган. Los Angeles Times гезити "Алтын глобус" сыйлыгынын 87 журналисттен түзүлгөн калыстар тобунда бир дагы кара түстөгү адам жок экенин жазып чыккан. Мындан улам Netflix сервиси кызматташуудан баш тарткан. Дүйшөмбү күнү сыйлык тапшыруу аземин 1996-жылдан бери чагылдырып келе жаткан NBC телеканалы 2022-жылдагы иш-чараны көрсөтүүдөн баш тарткан. Алар расалык маселе чечилсе 2023-жылдан тарта кызматташарын айтышкан.
Кечээ күнү Чет элдик пресса ассоциациясы калыстар тобун реформалоо боюнча планын жарыялады. Ага ылайык, 2021-жылдын август айында анын курамына 20 жаңы мүчө кошулат. Мындан тышкары, уюм жаңы этикалык кодексти иштеп чыгат.
"Алтын глобус" — "Оскардан" кийинки эле беделдүү киносыйлык. Голливудда аккредитациядан өткөн чет элдик журналисттердин атынан биринчи сыйлык 1944-жылы тапшырылган.