https://sputnik.kg/20210517/turkiyada-pandemiyanyn-en-kiyyn-uchuru-buttu-1052522695.html
Түркияда пандемиянын эң кыйын учуру бүттү. Эрдоган элге кайрылды
Түркияда пандемиянын эң кыйын учуру бүттү. Эрдоган элге кайрылды
Sputnik Кыргызстан
Эрдоган карантинден улам элдин чыдамы кетип турганын билерин, бирок Түркия локдаундун натыйжасынан улам пандемияны кайрадан көзөмөлдөп калганын айткан. 17.05.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-05-17T23:55+0600
2021-05-17T23:55+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
коом
дүйнөдө
түркия
режеп тайип эрдоган
локдаун
коронавирус
карантин
дүйнөгө жайылган коронавирус
https://sputnik.kg/img/07e5/05/11/1052522656_0:101:3072:1837_1920x0_80_0_0_af80073cb2eb603cf6605130ca940cc9.jpg
БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Түркияда пандемиянын эң кыйын учуру бүткөнүн, эми мындан ары коронавирус боюнча чектөө чараларын киргизбөөгө ишеним артып турганын айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды.Эрдоган буга чейин Түркияда пандемия учурунда эң узак локдаун — 29-апрель, саат 19.00дөн тарта 17-май, саат 5:00гө чейин чектөө жарыялаган эле.ИИМден башка бардык уюмдар менен мекемелер бул мезгил ичинде өзүнүн ишин токтоткон. Өлкөнүн ичиндеги шаар аралык каттамдар бийликтин уруксаты менен гана жүргөн. Түркиянын Саламаттык сактоо министрлиги аталган өлкөдө сутка ичинде коронавирус чыккан учур 10 512 болгонун, бул 1-мартка караганда бир топ азайгандыгын билдирди. Ал пандемия башталгандан тарта 6 эсеге түшкөн, 16-апрелде көрсөткүч 63 082 эле.Анын айтымына караганда, чектөө муну менен бүтүп калбай 1-июнга чейин уланат жана жакын арада бул боюнча маалымат берилет.Буга чейин Түркиянын ИИМи карантин акырындап алына баштаарын, бирок 1-июнга дейре саат 21:00дөн саат 5:00гө чейинки коменданттык саат уланарын айткан. Андан сырткары, ишемби, жекшембидеги күндөрдөгү чектөө да алынган эмес.Ал эми шаар аралык поезддик каттамдар акырындап калыбына келери, кафе-ресторандар тамакты жеткирип берүү системасы менен иштей турганы кабарланды.
https://sputnik.kg/20210511/covid-zhukturgandar-olgondor-zhetken-cheginde-1052454796.html
түркия
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/05/11/1052522656_0:4:3072:1934_1920x0_80_0_0_ce79825cdb5a8593d0c8f3ba3a7050df.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, дүйнөдө, түркия, режеп тайип эрдоган, локдаун, коронавирус, карантин, дүйнөгө жайылган коронавирус
жаңылыктар, коом, дүйнөдө, түркия, режеп тайип эрдоган, локдаун, коронавирус, карантин, дүйнөгө жайылган коронавирус
Түркияда пандемиянын эң кыйын учуру бүттү. Эрдоган элге кайрылды
23:55 17.05.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Эрдоган карантинден улам элдин чыдамы кетип турганын билерин, бирок Түркия локдаундун натыйжасынан улам пандемияны кайрадан көзөмөлдөп калганын айткан.
БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Түркияда пандемиянын эң кыйын учуру бүткөнүн, эми мындан ары коронавирус боюнча чектөө чараларын киргизбөөгө ишеним артып турганын айтты. Бул туурасында
РИА Новости жазды.
Эрдоган буга чейин Түркияда пандемия учурунда эң узак локдаун — 29-апрель, саат 19.00дөн тарта 17-май, саат 5:00гө чейин
чектөө жарыялаган эле.ИИМден башка бардык уюмдар менен мекемелер бул мезгил ичинде өзүнүн ишин токтоткон. Өлкөнүн ичиндеги шаар аралык каттамдар бийликтин уруксаты менен гана жүргөн. Түркиянын Саламаттык сактоо министрлиги аталган өлкөдө сутка ичинде коронавирус чыккан учур 10 512 болгонун, бул 1-мартка караганда бир топ азайгандыгын билдирди. Ал пандемия башталгандан тарта 6 эсеге түшкөн, 16-апрелде көрсөткүч 63 082 эле.
"Биз баарынын чыдамы кетип турганын билебиз. Кабыл алынган чаралар менен локдаундун натыйжасынан улам пандемияны кайрадан көзөмөлдөй алдык. Биз эң кыйын абалдан өттүк, эми мындай катаал чаралар башка жолу киргизилбейт деп ишенем. Бирок баары өзүбүзгө байланыштуу болот. Эл тиешелүү чараларды тоготпой койбошу керек", — деген Эрдоган бүгүнкү телекайрылуусунда.
Анын айтымына караганда, чектөө муну менен бүтүп калбай 1-июнга чейин уланат жана жакын арада бул боюнча маалымат берилет.
Буга чейин Түркиянын ИИМи карантин акырындап алына баштаарын, бирок 1-июнга дейре саат 21:00дөн саат 5:00гө чейинки коменданттык саат уланарын айткан. Андан сырткары, ишемби, жекшембидеги күндөрдөгү чектөө да алынган эмес.
Ал эми шаар аралык поезддик каттамдар акырындап калыбына келери, кафе-ресторандар тамакты жеткирип берүү системасы менен иштей турганы кабарланды.