00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
06:00
3 мин
Жаңылыктар
07:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
2 мин
Максимальный репост
100 миллионов долларов! Россия продолжает оказывать КР продовольственную помощь
16:04
22 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Кыргызстан улуттук инвестициялык фонд түзмөй болду. Эмне ши аткарат?
17:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Без патентов: какие изменения ждут предпринимателей в торговле?
18:07
36 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Стимул
Ат жалында казан аскан компаниялар элди эмнеси менен кызыктырат?
19:07
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Особый акцент
Как бороться с кражами на предприятии — советы юриста
20:06
43 мин
Ачык кеп
Эски темир көрнөк-жарнактардын ордуна заманбап LED экрандар жайгашат – Бишкекте демонтаждоо иштери кандай жүрүүдө?
23:05
40 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

"Маалыматты манипуляциялоо" мыйзамы кайра каралып, бир министрлик каршы чыкты

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевЖогорку Кеңеш жыйын учурунда. Архив
Жогорку Кеңеш жыйын учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.06.2021
Жазылуу
Балташев бул демилге боюнча коомчулукта, ЖМК өкүлдөрүнүн арасында чоң нааразычылыктар болуп, каршы пикирлер айтылганын белгиледи.
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Буга чейин президенттин каршы пикири менен артка кайтарылган "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзам долбоору кайрадан парламенттин кароосуна коюлду.
Аталган документтин макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору сунушталды.
Бирок бул ирет аталган мыйзам долбооруна Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги каршы чыкты. Жыйында министрдин орун басары Илязбек Балташев баяндама жасап, сунушталган демилгени ишке ашыруу мүмкүн эместигин айтты.
"Маалыматтын жалгандыгын талдоо үчүн ар кандай тармактагы адистердин чоң курамын кошумча тартуу керек. Бүгүнкү күндө мамлекеттик органдарда аталган мыйзам долбоорун ишке ашыруучу материалдык-техникалык жабдуулар жана кесипкөй кызматкерлер жок. Ошондой эле аларды тартуу үчүн кошумча каражат каралган эмес. Мындай жагдайды эске алуу менен жогорудагы мыйзамдын кабыл алынуусу мүмкүн эмес экендигин билдиребиз", — деди Балташев.
Ошондой эле ал "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзам долбоору боюнча коомчулукта, ЖМК өкүлдөрүнүн арасында чоң нааразычылыктар болуп, каршы пикирлер айтылганын белгиледи. Аны менен катар интернет мейкиндигин көзөмөлдөө адам укуктарын жана эркиндигин чектөөгө багытталып калганына токтолду.
Белгилей кетсек, бул мыйзам долбоорун депутаттар Гүлшат Асылбаева, Айнура Осмонова демилгелеп, Жогорку Кеңеш тарабынан былтыр ушул маалда кабыл алынган.
Бул маселе коомчулуктун кескин сынына кабылып, чуу жараткан.
Фемида айкели. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.05.2021
Төрт кодексти өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду
Кийинчерээк ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков мыйзам долбооруна вето коюп, артка кайтарган. Анда пикир билдирүүнүн жана маалыматтын эркиндиги өлкөнүн Баш мыйзамында, ошондой эле адам укуктары жөнүндө бир катар эл аралык жана региондук келишимдерде кепилдик кылынган адам укуктарынын бири болуп эсептелинип жана демократиялык коомду өнүктүрүүдө негизги ролду ойноору айтылат.
Ошондой эле бул маселенин коомдогу маанисин эске алып, мыйзамдын редакциясын, тактап айтканда, ишке ашыруунун механизмдерин жана жөнгө салуунун техникалык аспектилерин коомчулуктун, эксперттик коомдун жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн тартуу менен кайрадан карап чыгуу сунушталган.
Демилгечилердин айтымында, фейк-аккаунттар өчүрүлүп, ЖМК же социалдык баракча аркылуу жалган маалымат тараткандарды соту жок эле мамлекеттик органдар жоопко тарта алат. Бирок муну менен кайсы орган алектенери так көрсөтүлгөн эмес.
Жаңылыктар түрмөгү
0