ИИМ академиясынын курсанттары сууга аккан кызды сактап калышты. Сүрөттөр
17:17 10.06.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021)
© Фото / пресс-служба академии МВД КРСууга агып бара жаткан өспүрүм кызды куткарып калышкан ИИМ академиясынын кызматкери менен курсанттары
![Сууга агып бара жаткан өспүрүм кызды куткарып калышкан ИИМ академиясынын кызматкери менен курсанттары Сууга агып бара жаткан өспүрүм кызды куткарып калышкан ИИМ академиясынын кызматкери менен курсанттары - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.06.2021](https://sputnik.kg/img/07e5/06/0a/1052807088_0:184:1080:794_1920x0_80_0_0_199eabf6b82f8a673f28514e587f2063.jpg)
© Фото / пресс-служба академии МВД КР
Жазылуу
Окуя бүгүн, 10-июнь күнү, болгон. Келечектеги милиционерлер кызга биринчи медициналык жардам көрсөтүп, Тез жардам кызматына тапшырып беришти.
БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Бишкектин Аламүдүн-1 кичи районунда сууга агып бара жаткан өспүрүм кызды ИИМ академиясынын кызматкери менен курсанттары куткарып калышты. Бул тууралуу аталган окуу жайдын маалымат кызматынан билдиришти.
© Фото / пресс-служба академии МВД КРБишкектин Аламүдүн-1 кичи районунда сууга агып бара жаткан өспүрүм кызды ИИМ академиясынын кызматкери менен курсанттары куткарып калышты
![Спасение девочки уносившую течением милиционером и курсантами Академии МВД Спасение девочки уносившую течением милиционером и курсантами Академии МВД - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021](https://sputnik.kg/img/07e5/06/0a/1052809546_0:0:660:1057_1920x0_80_0_0_a52074038659954e34ff3be29675119d.jpg)
Бишкектин Аламүдүн-1 кичи районунда сууга агып бара жаткан өспүрүм кызды ИИМ академиясынын кызматкери менен курсанттары куткарып калышты
© Фото / пресс-служба академии МВД КР
Окуя бүгүн, 10-июнь күнү, болгон.
"ИИМ академиясынын курсанттары Бекбол Молдосанов, Марсел Тынчтык уулу, Байсеит Акматов жана академиянын кызматкери, милициянын прапорщиги Мелис Осеков Аламүдүн-1 кичи районунда сууга агып бара жаткан өспүрүм кызды куткарып калышты. Кызга биринчи медициналык жардам көрсөтүп, Тез жардам кызматына тапшырып беришти", — деп айтылат билдирүүдө.
Маалыматта окуянын чоо-жайы айтылган эмес.