National Geographic жер жүзүндө бешинчи океан бар экенин расмий тааныды
12:18 10.06.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021)
© Sputnik / Алексей Куденко
/ Жазылуу
Буга чейин илимий коомчулук дүйнөдө төрт: Атлантика, Тынч, Индия жана Түндүк муз океаны бар экенин белгилеп келген.
БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. National Geographic илимий жана билим берүү журналы Жер планетасында бешинчи, Түштүк деп аталган океан бар экенин айтып чыкты. Бул тууралуу маалымат басылманын расмий сайтына жарыяланды.
Аталган журнал 1915-жылдан тарта карта чыгарып келет, анда дайыма Атлантика, Тынч, Индия жана Түндүк муз океаны белгиленет. Илимий коомчулук да буга чейин төрт океан бар экенин таанып келишкен.
Four oceans or five? It's #WorldOceansDay🌊 and National Geographic is making a change to recognize the Southern Ocean as a fifth official ocean in our atlases and maps! https://t.co/HSHRUAyWuE
— National Geographic (@NatGeo) June 8, 2021
Картографтар Антарктиданы курчап турган суулар өзгөчөлүктөргө ээ экендигин жана алар бул сууларды өзүнчө океанга бөлүп кароого мүмкүндүк берерин аныкташкан.
Материалда такталгандай, географтар коомчулугунда бешинчи океанды аныктоо маселеси көптөн бери айтылып келген, анткени аны көпчүлүк Тынч, Атлантика жана Индия океандарынын уландысы катары тааныган.
Scientists have known for many years that the icy waters around Antarctica form a distinct ecological region defined by ocean currents and temperatures pic.twitter.com/AQJPKZwUNN
— National Geographic (@NatGeo) June 8, 2021
"Түштүк океаны илимпоздор тарабынан илгери эле таанылып келген. Деген менен эл аралык деңгээлде таанылбагандыктан, аны биз расмий айта алган эмеспиз", — деген Улуттук географиялык коомунун географы Алекс Тейт.
Эми "Түштүк океан" деген термин Атлантика океанынын түштүк бөлүгүнө таандык болгон Дрейк өтмөгү жана Скотия деңизинен тышкары, түштүк кеңдиктин 60 градусуна чейин созулган Антарктиданы курчаган сууларды камтыйт.