https://sputnik.kg/20210613/aryktoonun-zhonokoj-zholdoru-1052846263.html
Дарыгер диетасыз, залга барбай эле арыктоонун жолун айтты
Дарыгер диетасыз, залга барбай эле арыктоонун жолун айтты
Sputnik Кыргызстан
Адистин айтымында, арыктайм деген адам биринчи кезекте тамакты бөлүп жегенди үйрөнүшү зарыл. Мисалы, күнүнө аз-аздан беш маал тамактанышы шарт. 13.06.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-06-13T09:16+0600
2021-06-13T09:16+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
коом
россия
дүйнөдө
диетолог
арыктоо
диета
машыгуу
тамак
рацион
https://sputnik.kg/img/07e5/01/06/1051006297_107:0:1815:961_1920x0_80_0_0_78e2b80cd0231e6d06c30afff1aaa265.jpg
БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Диетолог Тамила Арсеньева тез жана ден соолукка зыян келтирбей, диетасы жок, машыгуу залына барып оор көнүгүү жасабай эле арыктоонун сырлары менен бөлүшкөнүн РИА Новости жазды.Адистин айтымында, арыктайм деген адам биринчи кезекте тамакты бөлүп жегенди үйрөнүшү зарыл. Мисалы, күнүнө аз-аздан беш маал тамактанышы шарт. Рациондо сөзсүз түрдө курамында клетчаткасы көп азыктардын болушу керек. Анткени клетчатка ичегинин иштөөсүн жакшыртып, адамды ток алып жүрөт.Организмге белокко бай азыктар, жалбырактуу жашылча, чөп-чар, мөмө-жемиштер да керек.Диетолог кумшекерди, кофе, газдалган суусундук жана ичимдикти азайтуу керектигин да белгилеген.Арсеньева зат алмашууну ылдамдатууга спорт да жакшы жардамчы экенин айтып, ага кыймылдын бардык түрү, ал тургай жөө басуу да кирерин белгилеген.Адис стресстен оолак болууну эскертип, кыйын учурда кызыктуу ишке алаксып кетүүнү сунуштаган. Мисалы, фитнес, йога же китеп окуп алаксып, достор менен баарлашууга кеңеш берген.
https://sputnik.kg/20210605/aryktoo-ayaldar-ketirgen-kata-1052732563.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/01/06/1051006297_320:0:1601:961_1920x0_80_0_0_10be49c26bf9ccbfe0eff5219c2069f0.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, россия, дүйнөдө, диетолог, арыктоо, диета, машыгуу, тамак, рацион
жаңылыктар, коом, россия, дүйнөдө, диетолог, арыктоо, диета, машыгуу, тамак, рацион
Дарыгер диетасыз, залга барбай эле арыктоонун жолун айтты
09:16 13.06.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Адистин айтымында, арыктайм деген адам биринчи кезекте тамакты бөлүп жегенди үйрөнүшү зарыл. Мисалы, күнүнө аз-аздан беш маал тамактанышы шарт.
БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Диетолог Тамила Арсеньева тез жана ден соолукка зыян келтирбей, диетасы жок, машыгуу залына барып оор көнүгүү жасабай эле арыктоонун сырлары менен бөлүшкөнүн
РИА Новости жазды.
Адистин айтымында, арыктайм деген адам биринчи кезекте тамакты бөлүп жегенди үйрөнүшү зарыл. Мисалы, күнүнө аз-аздан беш маал тамактанышы шарт. Рациондо сөзсүз түрдө курамында клетчаткасы көп азыктардын болушу керек. Анткени клетчатка ичегинин иштөөсүн жакшыртып, адамды ток алып жүрөт.
Организмге белокко бай азыктар, жалбырактуу жашылча, чөп-чар, мөмө-жемиштер да керек.
Диетолог кумшекерди, кофе, газдалган суусундук жана ичимдикти азайтуу керектигин да белгилеген.
"Жок дегенде ушуларды тизмеден чийип салсаңар бир айда беш килограммга чейин салмак таштоого болот. Арыктоону каалагандар суу ичкенди да билиши керек. Таттуу суусундук тууралуу айтканым жок. Кадимки сууну басып-туруп ичсе, ал зат алмашууну 20 пайызга чейин ылдамдатат", — деди адис.
Арсеньева зат алмашууну ылдамдатууга спорт да жакшы жардамчы экенин айтып, ага кыймылдын бардык түрү, ал тургай жөө басуу да кирерин белгилеген.
Адис стресстен оолак болууну эскертип, кыйын учурда кызыктуу ишке алаксып кетүүнү сунуштаган. Мисалы, фитнес, йога же китеп окуп алаксып, достор менен баарлашууга кеңеш берген.