https://sputnik.kg/20210709/gaitinin-prezidentinin-olumu-kol-saluu-maksaty-1053156746.html
Гаити президентинин өлүмү: кармалгандар кол салуунун максатын айтып беришкен
Гаити президентинин өлүмү: кармалгандар кол салуунун максатын айтып беришкен
Sputnik Кыргызстан
Эки күн мурда Гаити башчысынын резиденциясына кол салуу болуп, президент көз жумуп, алган жаракаттан улам жубайы оор абалда ооруканага жеткирилген. Кылмышка... 09.07.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-07-09T12:38+0600
2021-07-09T12:38+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
дүйнөдө
окуялар
гаити
президент
кол салуу
өлүм
шектүү
көрсөтмө
https://sputnik.kg/img/07e5/07/09/1053156182_0:326:2974:2008_1920x0_80_0_0_58cc3833c1529082792fb97cd0a705ae.jpg
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Гаитинин президенти Жовенель Моизди өлтүрүүгө шектелип кармалган америкалыктар сурак учурунда жалданган адамдарга мамлекет башчысын жок кылуу милдети жүктөлбөгөнүн билдиришти. Бул тууралуу РИА Новости аймактык басылмаларга таянып жазды.Акыркы маалыматтарга караганда, камакка алынган шектүүлөрдүн арасында гаити тектүү эки америкалык Жеймс Солаж жана Жозеф Венсан бар.Солаж "бул жумушту интернеттен таптым" деп айткан. Ал Гаитиге бир ай, ал эми жалданган кишилер үч ай мурда келген.Судья шектүүлөрдүн автоунаасынан ок атуучу курал менен долларлардан тышкары Моиздин үйүндө орнотулган видеобайкоо камерасынын серверин жана анын аялынын чектерди эсептеген китепчесин табышкан.Эске салсак, 7-июлга караган түнү Гаити башчысынын резиденциясына кол салуу болуп, натыйжада мамлекет жетекчиси жубайы менен алган жараатынан улам каза болгону кабарланган. Кийин Гаитинин Доминикан Республикасындагы элчилиги биринчи айым көз жумду деген маалыматты төгүндөгөн. Бирок аялдын ооруканада жатканы, абалы оор экени, үч жерине ок тийгени маалымдалган.Гаитинин укук коргоо органдары кылмышка шектүү 28 адамдын аты-жөнүн тактап, алардын 26сы Колумбиянын жараны экендигин аныкташкан. Анын 17си кармалып, жетөө жок кылынган.
гаити
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/07/09/1053156182_0:180:2974:2048_1920x0_80_0_0_ebe03deaaf97a86ecb08b67f45b98b6c.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, дүйнөдө, окуялар, гаити, президент, кол салуу, өлүм, шектүү, көрсөтмө
жаңылыктар, дүйнөдө, окуялар, гаити, президент, кол салуу, өлүм, шектүү, көрсөтмө
Гаити президентинин өлүмү: кармалгандар кол салуунун максатын айтып беришкен
12:38 09.07.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Эки күн мурда Гаити башчысынын резиденциясына кол салуу болуп, президент көз жумуп, алган жаракаттан улам жубайы оор абалда ооруканага жеткирилген. Кылмышка 30га жакын киши шектелүүдө.
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Гаитинин президенти Жовенель Моизди өлтүрүүгө шектелип кармалган америкалыктар сурак учурунда жалданган адамдарга мамлекет башчысын жок кылуу милдети жүктөлбөгөнүн билдиришти. Бул тууралуу
РИА Новости аймактык басылмаларга таянып жазды.
Акыркы маалыматтарга караганда, камакка алынган шектүүлөрдүн арасында гаити тектүү эки америкалык Жеймс Солаж жана Жозеф Венсан бар.
"Алар котормочулук кылганбыз дешти. Жалданма аскерлердин максаты президент Моизди өлтүрүү эмес, тергөөчү, соттун буйругу менен камакка алуу болгон", — деп басылмага кармалгандардын көрсөтмөсүнө таянып судья Клеман Ноэль билдирген.
Солаж "бул жумушту интернеттен таптым" деп айткан. Ал Гаитиге бир ай, ал эми жалданган кишилер үч ай мурда келген.
Судья шектүүлөрдүн автоунаасынан ок атуучу курал менен долларлардан тышкары Моиздин үйүндө орнотулган видеобайкоо камерасынын серверин жана анын аялынын чектерди эсептеген китепчесин табышкан.
Эске салсак, 7-июлга караган түнү Гаити башчысынын резиденциясына кол салуу болуп, натыйжада мамлекет жетекчиси жубайы менен алган жараатынан
улам каза болгону кабарланган. Кийин Гаитинин Доминикан Республикасындагы элчилиги биринчи айым
көз жумду деген маалыматты төгүндөгөн. Бирок аялдын ооруканада жатканы, абалы оор экени, үч жерине ок тийгени маалымдалган.
Гаитинин укук коргоо органдары кылмышка шектүү 28 адамдын аты-жөнүн тактап, алардын 26сы Колумбиянын жараны экендигин аныкташкан. Анын 17си кармалып, жетөө жок кылынган.