https://sputnik.kg/20210714/zhyl-bashynan-beri-43-salykchy-zhoopko-tartyldy-1053213758.html
Жыл башынан бери 43 салыкчы жоопко тартылды
Жыл башынан бери 43 салыкчы жоопко тартылды
Sputnik Кыргызстан
Салыкчылар тарабынан мыйзам бузууларды байкаган жарандар Мамлекеттик салык кызматына кат жүзүндө, оозеки же электрондук түрдө кайрыла алышат. 14.07.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-07-14T12:16+0600
2021-07-14T12:16+0600
2021-12-15T22:56+0600
жаңылыктар
коом
кыргызстан
салык
кызматкер
мыйзам бузуулар
кайрылуу
даттануу
жаза
https://sputnik.kg/img/103535/31/1035353180_0:63:6017:3447_1920x0_80_0_0_43506e9b48e901bee8cd9a78f48ce3f2.jpg
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматы алты айдын ичинде жарандардын кайрылуусу боюнча 43 кызматкерди жоопко тартты. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматынан кабарлашты.Тагыраагы, экөө ээлеген кызматынан төмөндөтүлүп, 20 адам катуу эскертүү, төртөө эскертүү, 11и сөгүш алды. Беш кызматкер ротацияланып, бирөө ээлеген кызматына ылайык келбей турганы аныкталган.Салык кызматкерлери тарабынан кандайдыр бир мыйзам бузууларды байкаган жарандар 0312 61-31-89 (ишеним телефону) номерине чалып же 0779 61-31-89 Whatsapp номерине билдирүү калтыра алат. Кайрылуулар үчүн info@sti.gov.kg электрондук дареги дагы иштеп жатат.
https://sputnik.kg/20210712/iim-shajloo-myjzamdaryn-kajsy-shaar-kop-buzgan-1053191260.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103535/31/1035353180_0:0:5355:4016_1920x0_80_0_0_678b36dcd6b0a4683fec3c0147e347be.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, салык, кызматкер, мыйзам бузуулар, кайрылуу, даттануу, жаза
жаңылыктар, коом, кыргызстан, салык, кызматкер, мыйзам бузуулар, кайрылуу, даттануу, жаза
Жыл башынан бери 43 салыкчы жоопко тартылды
12:16 14.07.2021 (Жаңыртылды: 22:56 15.12.2021) Салыкчылар тарабынан мыйзам бузууларды байкаган жарандар Мамлекеттик салык кызматына кат жүзүндө, оозеки же электрондук түрдө кайрыла алышат.
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматы алты айдын ичинде жарандардын кайрылуусу боюнча 43 кызматкерди жоопко тартты. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматынан кабарлашты.
"Жыл башынан бери салык органдарынын кызматкерлеринин укуксуз иш-аракеттерине тийиштүү 47 даттануу келип түшкөн. Текшерүүнүн жүрүшүндө 20 арыз боюнча фактылар тастыкталган эмес, учурда үч даттануу кароо стадиясында турат. Калган 24ү боюнча 43 кызматкердин күнөөсү далилденип, алар жоопко тартылды",— деп айтылат билдирүүдө.
Тагыраагы, экөө ээлеген кызматынан төмөндөтүлүп, 20 адам катуу эскертүү, төртөө эскертүү, 11и сөгүш алды. Беш кызматкер ротацияланып, бирөө ээлеген кызматына ылайык келбей турганы аныкталган.
Салык кызматкерлери тарабынан кандайдыр бир мыйзам бузууларды байкаган жарандар 0312 61-31-89 (ишеним телефону) номерине чалып же 0779 61-31-89 Whatsapp номерине билдирүү калтыра алат. Кайрылуулар үчүн info@sti.gov.kg электрондук дареги дагы иштеп жатат.