00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
3 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:09
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Спортбокс
Кыргызстандын жаштар курамасы Азия кубогунун тандап алуу оюндарын өткөрөт — футболчулардын даярдыгы кандай?
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Почему мировая культура не сможет обойтись без русской литературы
18:11
40 мин
On air
18:56
6 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Токтоналиев: "Мектеп лигасында" жеңген командага 500 миң сом берилет

© Sputnik / Асель Сыдыкова"Мектеп лигасы" долбоорун уюштуруу тобунун жетекчиси Самат Токтоналиев
Мектеп лигасы долбоорун уюштуруу тобунун жетекчиси Самат Токтоналиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.07.2021
Жазылуу
"Мектеп лигасы" долбоорун уюштуруу тобунун жетекчиси Самат Токтоналиев спорттун командалык түрүн өнүктүрүү үчүн лигада футбол, волейбол жана баскетбол боюнча таймаш болорун айтты.
Мектеп лигасы КР президентинин "Инсандын руханий, адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө" жарлыгына төп келип жатат. Азыр балдар өзүмчүл болуп, команда менен иштөөнү унутту. Ошол себептен алгач командалык спорттун түрлөрү тандалды. Бул тууралуу Самат Токтоналиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде билдирди.
Токтоналиев: "Мектеп лигасында" жеңген командага 500 миң сом берилет
Анын айтымында, мектеп лигасы 1-сентябрда башталып, балдар айына бир жолу оюн өткөрүшөт.
"Мектеп лигасы өткөн жылдары Бишкек шаарында болгон. Пандемиядан улам токтоп калган эле. Биз бүгүнкү абалды анализдеп, башка мамлекеттердин тажрыйбасын карап жалпы республика боюнча мектеп лигасын өткөргөнү турабыз. Негизги айырмачылыгы — мектептер өз ыктыяры менен катышат. Оюндар айлампа түрүндө өтөт. Алсак, жакын жайгашкан мектептердин командалары оюн өткөрүп, жеңгендери башка райондун, кийин облустун командалары менен кез келишет. Жыйынтыгында финалга жети облус жана Ош, Бишкек шаарларынын командалары чыгат. Менимче, Американын кинолорун көргөн балдар көп эле мектеп жарыштарына күбө болуп кыялданышса керек. Андыктан финалдык оюндарды стадиондо, спорт ордосунда өткөрүүнү пландап жатабыз. Ал эми бул иш-чарага балдарды кызыктырыш үчүн чоң байге фонду каралган. Биринчи орунду алган команда 500 миң сомго ээ болот. Ошону менен бирге уткан команда эл аралык гимназиадага катышуу мүмкүнчүлүгүн алат. Ал эми жалпы долбоорго Мамлекеттик агенттик тарабынан жети миллион сом каражат каралууда. Бул калыстардын эмгек акысы жана финалга чыккан балдарды алып келүү, алардын формасы жана тамактандырууга жумшалат", — деди Токтоналиев.
Ал ар бир мектептен бир гана курама команда катыша аларын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0