Ош: ач карышкыр 17 жаштагы кызга кол салып, чабан менен алышкан
17:55 19.07.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021)
![Карышкыр. Архив Карышкыр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.07.2021](https://sputnik.kg/img/103329/79/1033297976_0:163:2938:1816_1920x0_80_0_0_ab2a775a7ea348371cfb9382b22b018d.jpg)
© Sputnik / Наталья Селиверстова
/ Жазылуу
Айыл башчынын айтымында, карышкыр короого үч жолу келген. Кызга кол салганда жашоочулар кубалап кетиришкен, куралдары болгон эмес.
БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Оштун Кара-Кулжа районунда карышкыр 17 жаштагы кызга кол салып, андан кийин 35 жаштагы чабан менен алышып, акыры жайлоодогулар жырткычты өлтүргөн. Бул тууралуу маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигине Коо-Чаты айылынын башчысы Азат Ашымов тастыктады. Окуя 18-июлга караган түнү Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн Коо-Чаты айылынын Карагайчы жайлоосунда болгон.
© Фото / предоставлено Азатом АшымовымОштун Кара-Кулжа районунда карышкыр 17 жаштагы кызга кол салып, андан кийин 35 жаштагы чабан менен алышып, акыры жайлоодогулар жырткычты өлтүрдү
![Нападение волка в Кара-Кулже Нападение волка в Кара-Кулже - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021](https://sputnik.kg/img/07e5/07/13/1053265442_0:0:754:954_1920x0_80_0_0_8c99a33a827705bc0017487c5984709a.jpg)
Оштун Кара-Кулжа районунда карышкыр 17 жаштагы кызга кол салып, андан кийин 35 жаштагы чабан менен алышып, акыры жайлоодогулар жырткычты өлтүрдү
© Фото / предоставлено Азатом Ашымовым
Ашымовдун айтымында, карышкыр короого үч жолу келген. Жайлоодо ошол маалда эки боз үй жана бир чатыр тигилип турган.
"Жырткыч алгач саат 22:00дө короого бир тийип кетиптир, ал эми түнкү 12:00дө 17 жаштагы кызды тиштеп кол салган. Ошол жердегилер карышкырды кубалап, кызды сактап калышкан. Үчүнчү ирет 02:00дөр чамасында баш бакканда Асыран аттуу 35 жаштагы киши кадимкидей кармашкан. Ал жигит өзү палван (күчтүү, балбан — ред.) эле, бир топко чейин алышкан. Сырттагы ызы-чууну уккан кишилер чуркап чыгып, карышкырды өлтүрүшкөн. Куралдары жок экен, таяк менен чапкылап, муунтуп өлтүрүшкөн", — деп билдирди айыл башчы.
Жабыркаган кыз менен киши ооруканага жеткирилген. Айыл башчы экөөнүн абалы туруктуу экенин жана жаракаты жеңил болгонун кошумчалады. Ал эми карышкырдын башы кутурма оорусунун бар-жогун аныктоо үчүн экспертизага жиберилген.