00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Без страховки никуда: ЖК одобрил закон о страховке жилья от ЧП и пожаров
08:04
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Биринчи жолу "Санарип дыйкан 2025" форуму өтөт — жасалма интеллект, инновациялык технологиялар
09:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Как ЕАЭС вписывается в изменяющуюся мировую картину?
10:04
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Салык реформасындагы акыркы өзгөртүүлөр — бизнес ээлерине кандай таасир этет?
11:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Физика и математика в увлекательном формате: Кыргызстан в проекте «Сила ума»
12:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Особый акцент
ЕАЭБде атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу — Мыйзамдарды шайкеш келтирүү кайсы этапта?
13:05
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Өлкөгө кирген инвестициялар көбөйүп, чыккан инвестиция кыйла азайды
15:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Лечебный массаж: когда он необходим и как работает?
16:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Протекционизм учурдагы дүйнөлүк экономикага керекпи?
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Национальная олимпиада по точным наукам: как формируется интеллектуальный резерв Кыргызстана
18:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Улуу Ата Мекендик согуш темасы мектептерде кандай окутулууда?
19:06
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Өлкөгө кирген инвестициялар көбөйүп, чыккан инвестиция кыйла азайды
21:04
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жактоочу: Атамбаев 9-октябрдагы башаламандыкты уюштурган деп шектелүүдө

© Sputnik / Табылды КадырбековМитинг сторонников Алмазбека Атамбаева и Омурбека Бабанова в Бишкеке
Митинг сторонников Алмазбека Атамбаева и Омурбека Бабанова в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.07.2021
Жазылуу
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу анын дагы бир иш боюнча шектелип жатканын айтып, чоо-жайын түшүндүрдү.

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 2020-жылдын 9-октябрындагы "Ала-Тоо" аянтындагы башаламандыкты уюштурган деп шектелүүдө. Бул тууралуу жактоочусу Замир Жоошев билдирди.

Адвокат шек саноо боюнча билдирүүдө эмне тууралуу жазылганын айтып берди.

"Атамбаев Өмүрбек Бабанов, Фарид Ниязов, Темирлан Султанбеков сыяктуу саясатчылар менен сүйлөшүп алган. Алар "Медиа Форум" имаратынын жанына элди чогултуп, "Ала-Тоо" аянтына бийликти басып алуу үчүн алып барган. Ошол эле учурда алар эски аянтта эски саясатчылардын бийликке келишине каршы болгон эл чогулуп турганын билишкен. Атамбаев топтошкон элди агрессияга үндөп, таш ыргытуу, курал колдонуу сыяктуу элементтери бар массалык мушташка себепчи болгон", —  деп жазылганын айтты. 

Депутат Исхак Пирматов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.07.2021
Исхак Пирматов тергөө менен кызматташууга макул болуп, абактан чыкты
Жоошевдин жазганына караганда, Атамбаевдин катышуусундагы митинг "Ала-Тоо" аянтында өтүп жатканда ал жерге агрессивдүү адамдар эски аянттан келишкен.

"Алар тынчтык митингин өткөрүп жаткандарга кол салышкан. "Ата Мекен" партиясынын мүчөсү Тилек Токтогазиев жаракат алган. Белгисиз адамдар мурдагы президент менен Сапар Исаковдун автоунаасын аткылаган. Кийин Өмүрбек Бабанов менен Өмүрбек Текебаев 9-октябрдагы митингдин артында экс-президент Сооронбай Жээнбеков турат деп айтып чыккан", —  деди жактоочу.

Ошондой эле ал ИИМге кайрылуу жолдогонун айтты.

"Мен ИИМге Бабанов менен Текебаевди суракка алуу жана Сооронбай Жээнбековдун кол тийбестигин алып, иликтөө иштерин жүргүзүү боюнча өтүнүч жолдогом. Билишимче, бул багытта иш кылынган жок", — деди Жоошев.

Ал эми ИИМден бул маалыматтын такталып жатканын айтты.

Эске салсак, 2020-жылы Жогорку Кеңешке өткөн шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып 5-октябрда өткөн митинг Ак үйдү басып алуу жана бийликти алмаштыруу менен аяктаган. Сооронбай Жээнбеков октябрь айынын ортосунда кызматын тапшырып, мөөнөтүнөн мурда шайлоо жарыяланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0