Metro маалымат булагы кабарлагандай, окуя Ризал провинциясынын Каинта шаарында болгон. Нөшөрдөн улам бир катар шаарларды жана райондорду суу баскан.
Жаш геймерлердин видеосун компьютердик клубдун кожоюну Сио Самсон тарткан. Кадрдан балдардын имараттын ичинде суу белине жеткенине карабай ойноп жатканын көрүүгө болот.
"Биз ал күнү мындай окуя болуп кетерин билген эмеспиз. Аларды көрөрүм менен оюнду токтотууну чечип, жабдууларга суу тийгизбей алып чыгып кетеримди айттым", — деген кафенин ээси.
Андан кийин геймерлер көп киши катышып ойноочу сеансты токтотушуп, суу баскан жайдан чыгып кетишкен.
Басылма белгилегендей, бардык электр зымдары суу тийбей турган бийикте орнотулган.