https://sputnik.kg/20210730/okm-balykchy-menen-tondo-sel-zhurdu-1053373481.html
Автоунаалар калкып... Балыкчы менен Тоңдо сел жүрүп, жолдор бузулду. Видео
Автоунаалар калкып... Балыкчы менен Тоңдо сел жүрүп, жолдор бузулду. Видео
Sputnik Кыргызстан
Нөшөрдүн кесепетинен Ысык-Көлдүн түштүк жагындагы трассанын 35-чакырымында жолдун айрым жерлери керектен чыккан. Ал эми Көлдүн түндүк жагынан кеткен жол ачык. 30.07.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-07-30T10:51+0600
2021-07-30T10:51+0600
2021-12-14T14:27+0600
https://sputnik.kg/img/07e5/07/1e/1053373228_0:690:1440:1504_1920x0_80_0_0_da391fac8f86479ad435786fa59cff6c.jpg
балыкчы
тоң
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/07/1e/1053373228_0:644:1440:1550_1920x0_80_0_0_6bbfe641568f62b1fd249fe8268ee661.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, окуялар, балыкчы, тоң, өкм
жаңылыктар, коом, кыргызстан, окуялар, балыкчы, тоң, өкм
Автоунаалар калкып... Балыкчы менен Тоңдо сел жүрүп, жолдор бузулду. Видео
10:51 30.07.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Нөшөрдүн кесепетинен Ысык-Көлдүн түштүк жагындагы трассанын 35-чакырымында жолдун айрым жерлери керектен чыккан. Ал эми Көлдүн түндүк жагынан кеткен жол ачык.
БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Балыкчы жана Тоң райондорунда сел жүрүп, жолдор бузулганын ӨКМ билдирди.
Бүгүн, 30-июль күнү, таңкы саат 04:30 чамасында Балыкчы шаары менен Тоң районунун Кескен-Бел ашуусунда, Кара-Талаа жана Оттук айылдарында нөшөрдөн кийин сел жүргөн.
"Суу турак үйлөрдү каптап, ички чарбалык жолдор менен арыктар кум-шагылдарга толгон. Ысык-Көлдүн түштүк жагындагы трассанын 35-чакырымында жолдун айрым жерлери селден зыян тарткан. Ал эми Көлдүн түндүк жагынан кеткен жол ачык", — деп айтылат маалыматта.
Абалды жеринен көзөмөлдөө үчүн ӨКМ министри Бообек Ажикеев менен министрликтин Ысык-Көл облусундагы башкармалыгынын башчысы Замирбек Жумагазиев чыгып кеткен.
Учурда Балыкчыдан барган 15 куткаруучу эки атайын техника менен тазалоо иштерин жүргүзүп жатат.
Жабыркагандар катталган эмес.