Балыкчы — Барскоон жолун оңдоо башталды. Аны "Кумтөр" компаниясы каржылайт
Балыкчы — Барскоон жолун оңдоо башталды. Аны "Кумтөр" компаниясы каржылайт
Sputnik Кыргызстан
Аталган жолдо 50 жылдан ашык убакыттан бери капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлбөй келгени белгиленди. Ошондой эле подрядчынын милдетин биринчи жолу жергиликтүү... 04.08.2021, Sputnik Кыргызстан
Аталган жолдо 50 жылдан ашык убакыттан бери капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлбөй келгени белгиленди. Ошондой эле подрядчынын милдетин биринчи жолу жергиликтүү ишкана аткарып жатканы айтылды.
БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда Балыкчы — Барскоон жолун реконструкциялоо башталды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Балыкчы — Барскоон жолунда 50 жылдан ашык убакыттан бери капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлбөй келгени белгиленди. Ошондой эле подрядчынын милдетин биринчи жолу жергиликтүү ишкана аткарып жатканы айтылды.

Долбоор президент Садыр Жапаровдун демилгеси жана буйругунун негизинде "Кумтөр голд компани" ЖАКнын каржылоосу менен ишке ашууда.
"Баштапкы этапта жолдун 25 чакырымын реконструкциялоо пландалууда. Ал эми жалпы узундугу 141,6 чакырымды түзөт. Анда жол төрт тилкелүү болуп, бөлүүчү тосмо коюлат", — деп айтылат маалыматта.
Балыкчы — Барскоон жолунда 50 жылдан ашык убакыттан бери капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлбөй келгени белгиленди. Ошондой эле подрядчынын милдетин биринчи жолу жергиликтүү ишкана аткарып жатканы айтылды.
"Кыргызстандын эгемендик тарыхында биринчи жолу долбоордун башкы подрядчиги ата мекендик компания — Кыргызстандын жол курулуш компанияларынын ассоциациясы болуп жатат. Жол салуу тармагында 30 жылдан бери жергиликтүү бир дагы компанияга ири долбоорлорго катышууга мүмкүнчүлүк берилген эмес", — деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, Жапаров Транспорт жана коммуникациялар министрлигине Балыкчы — Барскоон жолунун курулушун баштоону июнь айында тапшырган.