Долбоордун алкагында ар кайсы өлкөлөрдөн келген таланттуу скульпторлор бир нече жылдан бери Урал мраморунан көркөм буюмдарды жасап келишет. Фестиваль 2018-жылдан бери өткөрүлөт. 2021-жылы өткөн "Мрамор милясы" иш-чарасына Беларустан Кирилл Крохалев, Сербиядан Лука Радоевич жана Кыргызстандан мен катыштым. Бул тууралуу Тамила Маматова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Маматова: Россиянын Свердлов районундагы этнопаркка жаңы эмгегим коюлат
Анын айтымында, мурда мрамор менен иштөөнү жаман көрсө, азыр аталган таш скульптордун эң жакшы көргөн материалы.
"Фестиваль Евразия мейкиндигинин ар тарабынан келген чыгармачыл адамдарды бириктирүү максатын көздөйт. Негизи бул фестиваль былтыр өтүшү керек болчу. Бирок пандемияга байланыштуу ушул мезгилге жылган. 2020-жылы менин талапкерлигимди уюштуруучуларга "Роза Отунбаеванын демилгеси" фонду сунуштаган. Менден Кыргызстандын темасын чагылдыра турган скульптураны жасоону суранышты. 2016-жылы Санкт-Петербургда окуп жүргөндө жасап, ошол жерде өткөн мелдеште күмүш медаль алган студенттик кичинекей эмгегим бар болчу. Аны фестивалдын жүрүшүндө чоң мрамордон жасоону чечтим. Бул жылкынын башын кучактап турган кыздын фигурасы болчу. Скульптура мага окшошуп кетет. Чет өлкөдө жүргөндө мекенди сагынгандыктан улуттук темадагы фигураларды көп жасачумун. Аталган эмгекти уюштуруучулар жактырышты. Фестиваль бир ай бою өзүң каалаган техникада, каалаган көлөмдө, темпте иштөөгө мүмкүндүк берди. Эркин иштеп, чыныгы чыгармачылык менен алектендим десем болот. Искусство иш-чарасынын уюштуруучулары маалымдагандай, биз жасаган скульптуралар эми жаңы этнопаркка коюлат. Ал август ичинде ачылса биздин эмгектерди баары көрө алышат", — деди Маматова.
Ал туризм, маданиятты өнүктүрүү максатында скульпторлор иш-чарасы Кыргызстанда да өткөрүлүшү зарылдыгын, бул ишти мамлекет, тиешелүү министрлик колго алышы керектигин кошумчалады.