00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Максимальный репост
16:04
45 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Саламдашуу — адептин башаты. Канткенде жаштарга учурашуунун маанисин, адебин үйрөтөбүз?
17:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
7 мин
Тема дня
Итоги Российско-Кыргызского медиафорума: как медиа формируют ценности молодежи?
18:09
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Орто Азияда кыз-келиндердин арасынан чыккан биринчи хирург, академик Какиш Рыскулова
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
10 мин
Об экономике и не только
Продвижение идей Великого Турана — каковы цели Турции в ЦА?
20:11
55 мин
Ачык кеп
ВИЧ менен ооругандардын арасында жаңы төрөлгөн баладан карыяларга чейин бар
23:04
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

COVID-19га кабылган медиктерге компенсация башка эреже менен төлөнө баштайт

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМедициналык кызматкерлер. Архив
Медициналык кызматкерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.08.2021
Жазылуу
Мурда ооруп калгандарга 200 миң сомдон, каза болгондордун жакындарына 1 миллион сомдон төлөнсө, азыр сумма таптакыр башкача экени айтылды.

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Жумуш учурунда коронавирус жугузуп алган медиктерге компенсация жана COVID-19дан көз жумган ак халатчандардын үй-бүлөсүнө акча төлөп берүү тартиби кандай өзгөргөнүн Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин юридикалык бөлүмүнүн башчысы Азамат Жумакеев түшүндүрдү. 

Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн “Медиктер кайталап COVID-19га чалдыгууда, бирок айрымдары мурда ооруганы үчүн компенсация ала элек” темасындагы брифингге катышты. 

Эске салсак, ушул жылдын башында бийлик жумуш учурунда коронавирус жугузуп алган медиктерге компенсация жана COVID-19дан көз жумган ак халатчандардын үй-бүлөсүнө акча төлөп берүү боюнча токтом кабыл алган. Мурда ооруп калгандарга 200 миң сомдон, каза болгондордун жакындарына 1 миллион сомдон төлөнсө, азыр сумма таптакыр башкача экени айтылды. 

"Жаңы эреже боюнча, жумуштан оору жугузуп алган медиктер (майып болуп калбаган учурда) 15 жолку айлыгынан (оклад) аз эмес компенсация алат. Ал эми каза болгондордун үй-бүлөсүнө 20 жолку жылдык орточо маянасынан кем эмес акы төлөнөт”, — деди Жумакеев. 

Ооруканада бейтапты карап жаткан дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.08.2021
COVID менен ооруган бейтапты дарылоого мамлекет канча каражат коротору айтылды
Анын айтымында, компенсация медиктин окладынан көз каранды. 

"Буга чейин медицина кызматкерлеринин оклады орто эсеп менен 5 миң сом болсо, азыр 10 миң сомго көтөрүлүп жатат. Ошондо ар бир медик орто эсеп менен 150 миң сом компенсация алат. Ал эми каза тапкандардын үй-бүлөсү болжол менен 4 миллион сомдон алышат”, — деди ал. 

Юристтин билдиргенине караганда, жаңы эрежени жер-жерлерде ишке киргизүү үчүн атайын комиссия түзүлгөн. 

"Механизм ушул жылдын май айынан тарта иштей баштады. Комиссия өз ишин баштап, арыздарды кабыл алып жатат. Алар даярдалган документтерди Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна жөнөтөт”, — деди Жумакеев.

Сөзүнүн соңунда адис канча арыз кабыл алынып, канча компенсация төлөнгөндүгү тууралуу сентябрь айынын аягында так маалыматтар берилерин айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0