БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 13-августта, Бишкек шаарындагы Жылуулук электр борбору — 2нин (ТЭЦ-2) абалы менен таанышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Алгач мамлекет башчыга ЖЭБ-2нин долбоору 1991-жылы иштелип чыккандыгы боюнча маалымат берилди.
"Долбоор боюнча стратегиялык объектиде жаратылыш газын колдонуу пландаштырылган. Аны 100 гектардан ашык жерге 2 этап менен куруу мерчемделген. Бирок СССР кулап, газ менен жабдуу үзгүлтүккө учурагандан кийин объектинин курулушу токтоп, ЖЭБ-2нин санитардык зонасына, тагыраагы, 47 гектар аянтына акырындык менен турак үйлөр курулуп кеткен", — деп айтылат билдирмеде.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевТЭЦ-2 в жилмассиве Ак-Ордо на окраине Бишкека
![Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 13-августта, Бишкек шаарындагы Жылуулук электр борбору — 2нин (ТЭЦ-2) абалы менен таанышты Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 13-августта, Бишкек шаарындагы Жылуулук электр борбору — 2нин (ТЭЦ-2) абалы менен таанышты - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/08/0d/1053538214_0:80:3129:2047_600x0_80_0_0_8c83ea8b1eb9ebc186f50917a9f40694.jpg)
Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 13-августта, Бишкек шаарындагы Жылуулук электр борбору — 2нин (ТЭЦ-2) абалы менен таанышты
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Кыргызстана Садыр Жапаров во время ознакомления с состоянием ТЭЦ-2 в городе Бишкек. 13 августа 2021 года
![Алгач мамлекет башчыга ЖЭБ-2нин долбоору 1991-жылы иштелип чыккандыгы боюнча маалымат берилди Алгач мамлекет башчыга ЖЭБ-2нин долбоору 1991-жылы иштелип чыккандыгы боюнча маалымат берилди - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/08/0d/1053538224_0:220:2907:2047_600x0_80_0_0_9b35fb407727d5904a03062f5469e8ea.jpg)
Алгач мамлекет башчыга ЖЭБ-2нин долбоору 1991-жылы иштелип чыккандыгы боюнча маалымат берилди
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевТЭЦ-2 в жилмассиве Ак-Ордо на окраине Бишкека
![ЖЭБ-2нин курулушун кайра жандандырып, ишти 2-5 жылдын ичинде бүткөрүү сунушталганы белгилүү болду ЖЭБ-2нин курулушун кайра жандандырып, ишти 2-5 жылдын ичинде бүткөрүү сунушталганы белгилүү болду - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/08/0d/1053538543_0:110:3082:2048_600x0_80_0_0_43c0500f2059f436b0710dff42a730fa.jpg)
ЖЭБ-2нин курулушун кайра жандандырып, ишти 2-5 жылдын ичинде бүткөрүү сунушталганы белгилүү болду
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Кыргызстана Садыр Жапаров во время ознакомления с состоянием ТЭЦ-2 в городе Бишкек. 13 августа 2021 года
![Ошондой эле жакын арада объектини реабилитациялоо боюнча болжолдуу техникалык-экономикалык негиздемени (ТЭН) иштеп чыгууга тендер жарыялоо пландалган Ошондой эле жакын арада объектини реабилитациялоо боюнча болжолдуу техникалык-экономикалык негиздемени (ТЭН) иштеп чыгууга тендер жарыялоо пландалган - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/08/0d/1053538219_0:35:3083:1973_600x0_80_0_0_1fb5ed40213f5c7c7a7471f71a7833da.jpg)
Ошондой эле жакын арада объектини реабилитациялоо боюнча болжолдуу техникалык-экономикалык негиздемени (ТЭН) иштеп чыгууга тендер жарыялоо пландалган
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Кыргызстана Садыр Жапаров во время ознакомления с состоянием ТЭЦ-2 в городе Бишкек. 13 августа 2021 года
![Жапаров ЖЭБ-2нин имараты жана жабдууларын көрүп чыгып, анын айланасындагы калктуу конуштун тургундары менен баарлашкан Жапаров ЖЭБ-2нин имараты жана жабдууларын көрүп чыгып, анын айланасындагы калктуу конуштун тургундары менен баарлашкан - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/08/0d/1053538235_0:22:3072:1952_600x0_80_0_0_7af4279e9e7b2920ffda6efe73649818.jpg)
Жапаров ЖЭБ-2нин имараты жана жабдууларын көрүп чыгып, анын айланасындагы калктуу конуштун тургундары менен баарлашкан
Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 13-августта, Бишкек шаарындагы Жылуулук электр борбору — 2нин (ТЭЦ-2) абалы менен таанышты
Алгач мамлекет башчыга ЖЭБ-2нин долбоору 1991-жылы иштелип чыккандыгы боюнча маалымат берилди
ЖЭБ-2нин курулушун кайра жандандырып, ишти 2-5 жылдын ичинде бүткөрүү сунушталганы белгилүү болду
Ошондой эле жакын арада объектини реабилитациялоо боюнча болжолдуу техникалык-экономикалык негиздемени (ТЭН) иштеп чыгууга тендер жарыялоо пландалган
Жапаров ЖЭБ-2нин имараты жана жабдууларын көрүп чыгып, анын айланасындагы калктуу конуштун тургундары менен баарлашкан
ЖЭБ-2нин курулушун кайра жандандырып, ишти 2-5 жылдын ичинде бүткөрүү сунушталганы белгилүү болду. Ошондой эле жакын арада объектини реабилитациялоо боюнча болжолдуу техникалык-экономикалык негиздемени (ТЭН) иштеп чыгууга тендер жарыялоо пландалган.
Жапаров ЖЭБ-2нин имараты жана жабдууларын көрүп чыгып, анын айланасындагы калктуу конуштун тургундары менен баарлашкан. Ал жергиликтүү жашоочуларга ЖЭБ-2нин курулушун бүтүрүү ниети, парламенттик шайлоону таза өткөрүү боюнча пландаштырылган чаралар жөнүндө айтып, элди коронавируска каршы эмдөөдөн активдүү өтүүгө чакырды.
Баарлашууда жергиликтүү тургундар ЖЭБ-2нин айланасындагы участокторду трансформациялоо, социалдык объектилерди куруу жана башка курч көйгөйлөр тууралуу суроолорун беришкени айтылды.