БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Садыр Жапаров чыгаан мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун, кыргыз жазмасынын негиз салуучусу Касым Тыныстановдун, белгилүү окумуштуу, лингвист-түрколог Кусеин Карасаевдин 120 жылдыгына арналган салтанатка катышты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата уюштурулган иш-чара Каракол шаарынын борбордук аянтында өтүп, анын алкагында театрлаштырылган сахна уюштурулган.
![Садыр Жапаров чыгаан мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун, кыргыз жазмасынын негиз салуучусу Касым Тыныстановдун, белгилүү окумуштуу, лингвист-түрколог Кусеин Карасаевдин 120 жылдыгына арналган салтанатка катышты. Садыр Жапаров чыгаан мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун, кыргыз жазмасынын негиз салуучусу Касым Тыныстановдун, белгилүү окумуштуу, лингвист-түрколог Кусеин Карасаевдин 120 жылдыгына арналган салтанатка катышты. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/08/15/1053627495_0:0:2835:1783_600x0_80_0_0_f8344be01d3c9772820a1c975a593fa2.jpg)
![Өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата уюштурулган иш-чара Каракол шаарынын борбордук аянтында өтүп, анын алкагында театрлаштырылган сахна уюштурулган. Өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата уюштурулган иш-чара Каракол шаарынын борбордук аянтында өтүп, анын алкагында театрлаштырылган сахна уюштурулган. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/08/15/1053627500_0:0:2835:1783_600x0_80_0_0_14c94d96f01c27d2ad3ed27aeb1ca228.jpg)
![Президент көптөгөн тарыхый жетишкендиктердин башында эл уулдары, чыгаан жана көрүнүктүү мамлекеттик, коомдук ишмерлер — Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов жана Кусеин Карасаев турганын айткан. Президент көптөгөн тарыхый жетишкендиктердин башында эл уулдары, чыгаан жана көрүнүктүү мамлекеттик, коомдук ишмерлер — Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов жана Кусеин Карасаев турганын айткан. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/08/15/1053627725_0:0:2835:1783_600x0_80_0_0_c0013d81f3553171fdbc642b707335c0.jpg)
![Ошондой эле Абдрахмановдун күндөлүгүнүн толук версиясы учурда президенттин администрациясынын жетекчилигинде жакынкы аралыкта басылууга даярдалып жатканын белгилеген. Ошондой эле Абдрахмановдун күндөлүгүнүн толук версиясы учурда президенттин администрациясынын жетекчилигинде жакынкы аралыкта басылууга даярдалып жатканын белгилеген. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/08/15/1053627730_54:-1:2835:1748_600x0_80_0_0_66c32ae6a914e01ebb10ac0c7237718f.jpg)
![Ошондой эле эстелигине барып гүл койгон. Ошондой эле эстелигине барып гүл койгон. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/08/15/1053627485_0:0:2806:1763_600x0_80_0_0_56e41485afe4dba2512f3506aa941932.jpg)
![Мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун эстелиги Мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун эстелиги - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/08/15/1053627480_0:0:2835:1783_600x0_80_0_0_74eb32493864a8ef356155f5446af147.jpg)
![Президент Садыр Жапаров Карасаевдин музей-мемориалдык комплексине барды Президент Садыр Жапаров Карасаевдин музей-мемориалдык комплексине барды - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/08/15/1053627704_0:0:2836:1783_600x0_80_0_0_787fc5c83a10d2b2e58b5f2b3e470ac3.jpg)
![Карасаевдин музей-мемориалдык комплекси Карасаевдин музей-мемориалдык комплекси - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/08/15/1053627699_0:108:2835:1890_600x0_80_0_0_ea12f0888dc35ba5db9f92bdd35f323f.jpg)
![Карасаевдин музей-мемориалдык комплекси Карасаевдин музей-мемориалдык комплекси - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/08/15/1053627709_0:108:2836:1890_600x0_80_0_0_c1ed440a3e8509c6070123c796bfa41d.jpg)
![Президент Садыр Жапаров Карасаевдин музей-мемориалдык комплексине барып, анын жакын туугандары менен окумуштууну эскерип, куран окуду. Президент Садыр Жапаров Карасаевдин музей-мемориалдык комплексине барып, анын жакын туугандары менен окумуштууну эскерип, куран окуду. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/08/15/1053627714_48:0:2835:1752_600x0_80_0_0_8433e75a78b45996ffc4dfb1ff33448e.jpg)
![Президент Садыр Жапаров Карасаевдин музей-мемориалдык комплексине барып, анын жакын туугандары менен окумуштууну эскерип, куран окуду. Президент Садыр Жапаров Карасаевдин музей-мемориалдык комплексине барып, анын жакын туугандары менен окумуштууну эскерип, куран окуду. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/08/15/1053627720_177:0:2802:1650_600x0_80_0_0_45250ee47b9c1df79b8c4c9e765ba540.jpg)
"Мамлекет башчы кыргыз эли эгемендикке ээ болгонго чейинки жолдо карт тарыхтын нечендеген калабалуу күндөрүн башынан кечирип, эчендеген доорлордун, мезгилдердин бороон-чапкынына, сынагына туруштук берип, өзүнүн элдүүлүгүн, биримдигин сактап, бүгүнкү биз жашап жаткан күнгө өз алдынча мамлекет катары эсен-аман келип жеткенин белгиледи", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле Абдрахмановдун күндөлүгүнүн толук версиясы учурда президенттин администрациясынын жетекчилигинде жакынкы аралыкта басылууга даярдалып жатканын белгилеген. Ошондой эле эстелигине барып гүл койгон.
Мындан сырткары, Жапаров Каракол шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы борбордук аянтта Кусейин Карасаев менен Касым Тыныстановдун жаңы орнотулган эстеликтерине гүл койгон. Андан кийин Карасаевдин музей-мемориалдык комплексине барып, анын жакын туугандары менен окумуштууну эскерип, куран окуду.