БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Афганистандагы кырдаалга арналган ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезексиз сессиясына видеоконференция форматында катышат. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.
"Афганистандагы кырдаал жана анын ЖККУга мүчө-мамлекеттердин коопсуздугуна таасири, ошондой эле чек ара аралык чакырык жана коркунучтарга биргелешкен натыйжалуу реакция кылуу маселелери талкууланат", — деп айтылат билдирүүдө.
Сессия Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун төрагалыгында өтөт. Иш-чарага Беларусь президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Россия президенти Владимир Путин, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, ошондой эле ЖККУнун башкы катчысы Станислав Зась катышат.
Афганистандагы кырдаал
16-августка караган түнү "Талибандын"* өкүлү Мухаммед Наим 20 жылга созулган согуш аяктаганын, жакында мамлекетте жаңы башкаруу формасы киргизилерин билдирди.
Ал арада Панджшер аймагы талибдерге каршылык көрсөткөнү айтылып, вице-президент Амрулла Салех өлкөнүн убактылуу президенти экенин билдиргени маалым болгон.
"Талибан"* — Кыргызстанда жана башка мамлекеттерде диний-экстремисттик уюм катары тыюу салынган кыймыл болуп саналат.