БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. АКШнын 20 штаты президент Жо Байдендин трансгендерлерге байланыштуу мыйзамына каршы чыгып, сотко кайрылышты. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКларга шилтеме берип "Известия" басылмасы жазды.
Эске салсак, Америкада эркек болуп туулуп, бирок өзүн аял катары кабыл алган трансгендер спортчуларга кыз-келиндер арасындагы спорттук мелдештерге катышууга уруксат берген мыйзам кабыл алынган. Ошондой эле аларга аялдардын чечинип-кийинүүчү жайларын, дааратканаларын колдонууга шарт түзүлгөн.
Доо арызды Теннесси, Алабама, Аляска, Аризона, Арканзас, Жорджия, Айдахо, Индиана, Канзас, Кентукки, Луизиана, Миссисипи, Миссури, Монтана, Небраска, Огайо, Оклахома, Түштүк Каролина, Түштүк Дакота жана Батыш Вирджиния штаттары жазды.
Бул жактагылар эркек болуп туулган адамдар аялдар арасындагы спорттук мелдештерге катышып, эмгекчил кыз-келиндердин эмгегин текке кетирбеши керек деп эсептешет.