https://sputnik.kg/20210901/kok-boru-meldesh-zhenuuchulor-akchalay-siylyk-1053748249.html
Көк бөрү оюнунун жеңүүчүлөрү. 3,7 миллион сом кандай бөлүштүрүлдү
Көк бөрү оюнунун жеңүүчүлөрү. 3,7 миллион сом кандай бөлүштүрүлдү
Sputnik Кыргызстан
Мелдеш Чолпон-Ата шаарынын ат майданында 22-августта башталып, 31-августта финалдык беттештер менен жыйынтыкталды. 01.09.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-09-01T10:56+0600
2021-09-01T10:56+0600
2021-12-14T14:27+0600
https://sputnik.kg/img/07e5/09/01/1053748207_0:23:1280:746_1920x0_80_0_0_d30f3abfc22d39f87f7631ad6ce2315e.jpg
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/09/01/1053748207_0:0:1280:805_1920x0_80_0_0_0a3ee217709dd62c5079fb55a4f22767.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, спорт, эгемендүүлүктүн 30 жылдыгын майрамдоо
жаңылыктар, коом, кыргызстан, спорт, эгемендүүлүктүн 30 жылдыгын майрамдоо
Көк бөрү оюнунун жеңүүчүлөрү. 3,7 миллион сом кандай бөлүштүрүлдү
10:56 01.09.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Мелдеш Чолпон-Ата шаарынын ат майданында 22-августта башталып, 31-августта финалдык беттештер менен жыйынтыкталды.
БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Көк бөрү боюнча Кыргызстандын президентинин кубогуна арналган эл аралык мелдештин жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлыктар берилди. Бул тууралуу өлкөнүн Көк бөрү федерациясынын маалымат кызматы билдирди.
Мелдеш Чолпон-Ата шаарынын ат майданында 22-августта башталып, 31-августта финалдык беттештер менен жыйынтыкталды.
Турнирдин форматы кеңейтилгенине байланыштуу таймаш үч лигада жүрдү. Быйыл алгачкы жолу эл аралык лига ачылып, ага Россия, Өзбекстан сыяктуу өлкөлөрдөн келген командалар катышты.
Жеңүүчүлөр жана берилген сыйлыктар:
Биринчи лиганын жеңүүчүлөрү:
- 1-орун — "Көк Жал" (Бишкек), 100 миң сом;
- 2-орун — "Мурас" (Ысык-Көл облусу), 70 миң сом;
- 3-орун — "Соң-Көл" (Нарын облусу), 50 миң сом.
Эл аралык лиганын жеңүүчүлөрү:
- 1-орун — "Жети-Өгүз" (Ысык-Көл облусу), 600 миң сом;
- 2-орун — Өзбекстандын командасы, 300 миң сом;
- 3-орун — "Бакубат Талас" (Талас облусу), 200 миң сом.
Жогорку лиганын жеңүүчүлөрү:
- 1-орун — "Ынтымак" (Талас облусу), 1 млн. сом;
- 2-орун — "Сары-Өзөн" (Чүй облусу), 500 миң сом;
- 3-орун — "Ала-Тоо" командасы (Ош шаары), 250 миң сом.