https://sputnik.kg/20210902/kyrgyzstan-kyska-metrajduu-tasmalar-olkosu-kino-synak-1053758094.html
Кулмендеев: Кыргыз киносунун 80 жылдыгына карата кинофестиваль өтөт
Кулмендеев: Кыргыз киносунун 80 жылдыгына карата кинофестиваль өтөт
Sputnik Кыргызстан
Продюсер, кинорежиссер Таалайбек Кулмендеев 14-17-сентябрь күндөрү Бишкекте "Кыргызстан — кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" аталышындагы X эл аралык... 02.09.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-09-02T10:01+0600
2021-09-02T10:01+0600
2021-12-14T14:27+0600
https://sputnik.kg/img/07e5/09/02/1053757931_0:19:3067:1754_1920x0_80_0_0_5358b7294bf671a04b3eb67a6b03f408.jpg
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/09/02/1053757931_0:0:3067:1928_1920x0_80_0_0_0dbb16f36f57d2ab2bf11a80f706cbd7.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
коом, кыргызстан, таалайбек кулмендеев
коом, кыргызстан, таалайбек кулмендеев
Кулмендеев: Кыргыз киносунун 80 жылдыгына карата кинофестиваль өтөт
10:01 02.09.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Продюсер, кинорежиссер Таалайбек Кулмендеев 14-17-сентябрь күндөрү Бишкекте "Кыргызстан — кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" аталышындагы X эл аралык кинофестивалы өтөрүн айтты.
Бул жылы кинофестиваль Кыргыз киносунун 80 жылдыгына арналат. Бул тууралуу Таалайбек Кулмендеев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, тасмаларга КМШ, Балтика өлкөлөрүнүн жана Грузиянын белгилүү кинорежиссерлорунан турган калыстар тобу баа берет.
"Кинофестиваль шаар тургундары жана борборубуздун коноктору үчүн жакшы салт болуп калды. Фестивалда КМШ, Балтика өлкөлөрүнүн жана Грузиянын мыкты тасмалары көрсөтүлөт. Буга чейин тогуз ирет залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата декабрь айында өтүп келген. Бул жолу иш-чара Кыргыз киносунун 80 жылдыгына карата сентябрь айына пландалды. Иш-чара эл аралык жана улуттук деген эки сынактык программаны камтыйт. Анда оюн, даректүү, анимациялык жана эксперименталдык жанрдагы тасмалар көрсөтүлөт. Быйыл кинофестивалга чет өлкөлүк жана жергиликтүү кинорежиссерлордон 500дөн ашык арыз түшкөн. 17-сентябрда "Эң мыкты тасма", "Эң мыкты режиссер", "Калыстар тобунун атайын сыйлыгы" жана "Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгү" номинациялары боюнча эл аралык сынактын жеңүүчүлөрү аныкталат", — деди Кулмендеев.
Ал кинофестивалдын салтанаттуу ачылышы 14-сентябрда саат 12:00дө "Манас" кинотеатрында болорун кошумчалады.