https://sputnik.kg/20210922/ehmgek-kodeksindegi-normalar-tuuraluu-1053984240.html
Карачалов: иштен кеткенден кийин эмгек китепче берилбесе акы төлөнөт
Карачалов: иштен кеткенден кийин эмгек китепче берилбесе акы төлөнөт
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан курулуш жана курулуш өнөр жай материалдары профсоюзунун төрагасы Элдияр Карачалов аймактарда жумушчулар да, иш берүүчүлөр да көбүнесе эмгек... 22.09.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-09-22T10:35+0600
2021-09-22T10:35+0600
2021-12-14T14:27+0600
https://sputnik.kg/img/07e5/04/02/1051981074_0:0:3067:1725_1920x0_80_0_0_47294cccaa18ab9d15012a5d1b71282c.jpg
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/04/02/1051981074_139:0:2870:2048_1920x0_80_0_0_dddf4dd473956ade6c5dad32a9b05033.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
коом, кыргызстан, элдияр карачалов
коом, кыргызстан, элдияр карачалов
Карачалов: иштен кеткенден кийин эмгек китепче берилбесе акы төлөнөт
10:35 22.09.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Кыргызстан курулуш жана курулуш өнөр жай материалдары профсоюзунун төрагасы Элдияр Карачалов аймактарда жумушчулар да, иш берүүчүлөр да көбүнесе эмгек нормаларын сактабай турганына токтолду.
Эгер жумушчу кызматтан кеткен соң иш берүүчү эмгек китепчесин бербей кармап жүрө берсе, бул мезгил үчүн айлык акы төлөшү керек. Бул тууралуу Элдияр Карачалов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, эмгек китепчеси мамлекеттик документ болуп эсептелгендиктен бир адамда бирөө эле болушу мыйзамга ылайык.
"Биздин өлкөдө, өзгөчө, аймактарда жумушчулар арасында эң көп кездешкен көйгөй — бул жумуш саатынын сакталбагандыгы. Тагыраак айтканда, көп учурда убактысынан ашыкча иштеп, бирок кошумча төлөнүүчү каражат алышпайт жана талап кылышпайт. Эмгек өргүүсү үчүн төлөнүп берилүүчү каражатты эс алууга чыгып баратканда эмес, бир айдан соң алышат. Ошондой эле бир мекемеде иштөөсүн кандайдыр бир себептер менен токтотсо, иш берүүчү эмгек китепчесин дароо бербей созуп жүрө берген учурлар да бар. Мындай кезде жумушчулар эч кабатырланбай эле профсоюзга кайрылса болот. Анткени иш берүүчү анын эмгек китепчесин канча күн, ай кармап отурса, ошол убакытка айлык акысын толук төлөп бериши зарыл болот", — деди Карачалов.
Ошондой эле ал үч жылдан бери аймактарда жумушчулардын укук, милдеттери тууралуу семинарлар уюштурулуп келерин кошумчалады.