Президентке кеңешчи болгон Чолпонбек Абыкеев тууралуу эмне белгилүү
13:33 12.10.2021 (Жаңыртылды: 12:24 21.01.2022)
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезиденттин мурдагы кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев. Архив
![Президенттин мурдагы кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев. Архив Президенттин мурдагы кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.10.2021](https://sputnik.kg/img/07e5/09/19/1054023340_0:0:1113:626_1920x0_80_0_0_06b6c687f0a80c542c4e606b72c9d376.jpg)
Жазылуу
Президентке жаңыдан кеңешчи болуп дайындалган Чолпонбек Абыкеевдин эмгек жолу тууралуу маалыматтарды Sputnik Кыргызстандын "Таржымалынан" окуңуз.
Чолпонбек Абыкеев 1956-жылдын 16-августунда Нарын облусунун Кочкор районундагы Көк-Дөбө айылында туулган. Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин аяктаган.
- 1990-жылы кыргыз тилдүү "Аалам" гезитин негиздеп, аны түптөгөн. Басылмада 2005-жылга чейин башкы редактор болуп эмгектенген.
- "Аалам" гезитинен кеткенден кийин өлкө президентинин коомчулук менен байланыш бөлүмүндө башчы болуп иштеген.
- 2008-ж. апрель — Маданият жана маалымат министрлигинин алдындагы Мамлекеттик архив агенттигинин директору;
- 2009-ж. декабрь — Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы мамлекеттик каттоо кызматына караштуу Архив агенттигинин директору;
- 2020-ж. 25-ноябрь — Конституциянын учурдагы редакциясын иштеп чыккан Конституциялык жыйындын мүчөсү;
- 2021-жылдын май айында министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун кеңешчиси кызматына бекитилген;
Президент Садыр Жапаровдун 2-июлдагы жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы болуп дайындалган.