https://sputnik.kg/20211104/altyn-kalem-respublikalyk-synagy-zharyyalandy-1054481181.html
Мыктылар 100 миң сомдон алат. "Алтын калем" республикалык сынагы жарыяланды
Мыктылар 100 миң сомдон алат. "Алтын калем" республикалык сынагы жарыяланды
Sputnik Кыргызстан
Катышуучулардын жаш курагы чектелбейт, чыгармалар кыргыз тилинде болушу керек. Жеңүүчүлөр поэзия, проза, драматургия багыттары боюнча аныкталат. 04.11.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-11-04T13:58+0600
2021-11-04T13:58+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
кыргызстан
маданият
маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги
чыңгыз айтматов
сынак
поэзия
проза
драматургия
https://sputnik.kg/img/07e5/0b/04/1054481142_0:0:2730:1536_1920x0_80_0_0_9a6ee884c111c5580605f8c88243df34.jpg
БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы менен улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовду эскерүү жана Улуттук адабият күнүнө карата "Алтын калем" аттуу республикалык сынак жарыяланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.Чыгармалар 20-ноябрга чейин кабыл алынат. Комиссия аларды 10-декабрга чейин окуп чыгып, баалайт. Ал эми жеңүүчүлөр 12-декабрда опера жана балет театрында сыйланат.Катышуучулардын жаш курагы чектелбейт, чыгармалар кыргыз тилинде болушу керек.Сынакка катышкан чыгармаларды каттоого коюлган талаптар:Чыгармалардын электрондук вариантын jazuuchular@gmail.com дарегине жиберүү керек. Кагазга түшүрүлгөн варианттарды Улуттук жазуучулар союзунун кеңсесине алып келүүгө болот.Сынак тууралуу кенен маалыматты министрлик тараткан маалыматтан алууга болот.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/0b/04/1054481142_0:0:2731:2048_1920x0_80_0_0_10fd16ce815fb6404c756cb5d5cc840d.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, кыргызстан, маданият, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, чыңгыз айтматов, сынак, поэзия, проза, драматургия
жаңылыктар, кыргызстан, маданият, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, чыңгыз айтматов, сынак, поэзия, проза, драматургия
Мыктылар 100 миң сомдон алат. "Алтын калем" республикалык сынагы жарыяланды
13:58 04.11.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Катышуучулардын жаш курагы чектелбейт, чыгармалар кыргыз тилинде болушу керек. Жеңүүчүлөр поэзия, проза, драматургия багыттары боюнча аныкталат.
БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы менен улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовду эскерүү жана Улуттук адабият күнүнө карата "Алтын калем" аттуу республикалык сынак жарыяланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.
Чыгармалар 20-ноябрга чейин кабыл алынат. Комиссия аларды 10-декабрга чейин окуп чыгып, баалайт. Ал эми жеңүүчүлөр 12-декабрда опера жана балет театрында сыйланат.
Катышуучулардын жаш курагы чектелбейт, чыгармалар кыргыз тилинде болушу керек.
Сынакка катышкан чыгармаларды каттоого коюлган талаптар:
- Поэзия — ырлар жана поэмалар. Көлөмүнө жана тематикасына чектөө коюлбайт;
- Проза — аңгеме, повесть жана роман. Көлөмүнө жана тематикасына чектөө жок;
- Драматургия — пьеса, драма. Көлөмүнө жана тематикасына чектөө коюлбайт.
- Ал эми эң мыктыларга акчалай сыйлык берилет.
- Эң мыкты поэзия — 100 миң сом;
- Эң мыкты проза — 100 миң сом;
- Эң мыкты драматургия — 100 миң сом.
Чыгармалардын электрондук вариантын jazuuchular@gmail.com дарегине жиберүү керек. Кагазга түшүрүлгөн варианттарды Улуттук жазуучулар союзунун кеңсесине алып келүүгө болот.
Сынак тууралуу кенен маалыматты министрлик тараткан
маалыматтан алууга болот.