Бишкекте Улуу Ата Мекендик согушта Москваны коргогондор эскерилди. Сүрөт
19:34 16.11.2021 (Жаңыртылды: 23:00 15.12.2021)
© Фото / Фонд "Евразийцы — новая волна"Митинг памяти "Здесь наша боль и наша слава" в Бишкеке
![Митинг памяти Здесь наша боль и наша слава в Бишкеке Митинг памяти Здесь наша боль и наша слава в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.11.2021](https://sputnik.kg/img/07e5/0b/10/1054620109_0:0:2145:1213_1920x0_80_0_0_5149776ab396a14cfb72be7a354b98df.jpg)
© Фото / Фонд "Евразийцы — новая волна"
Жазылуу
Москваны кан-жаны менен коргогондорду эскерүү үчүн мэриянын, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, Россиянын Казакстан жана Кыргызстандагы элчиликтеринен келишти.
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Москва шаарын коргогондордун эрдигин эскерген "Даңкыбыз менен көңүл оорубуз ушул жерде" деген аталыштагы митинг болуп өттү. Бул туурасында "Евразиялыктар — жаңы муун" фондунан кабарлады.
"Москвада 1941-жылдын күзү менен кышында болгон каармандык менен коргонуу Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы маанилүү окуялардын бири. Салгылаштын саясий дагы, стратегиялык дагы мааниси зор эле. Ал эми панфиловчу-жоокерлердин, Подольскидеги курсанттардын, элдик кошуундардын эрдиги өлбөс-өчпөс болуп калды", — деп айтылат маалыматта.
Москваны кан-жаны менен коргогондордун элесин эскерүү үчүн мэриянын, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, Россиянын Казакстан жана Кыргызстандагы элчиликтеринен келишти. Салт болуп калган митинг-реквиемге Бишкектеги ЖОЖдордун студенттери жана окутуучулары да катышты.
© Фото / Фонд "Евразийцы — новая волна"Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Москва шаарын коргогондордун эрдигин эскерген "Даңкыбыз менен көңүл оорубуз ушул жерде" деген аталыштагы митинг болуп өттү
![Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Москва шаарын коргогондордун эрдигин эскерген Даңкыбыз менен көңүл оорубуз ушул жерде деген аталыштагы митинг болуп өттү Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Москва шаарын коргогондордун эрдигин эскерген Даңкыбыз менен көңүл оорубуз ушул жерде деген аталыштагы митинг болуп өттү - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/0b/10/1054620104_0:58:2144:1406_600x0_80_0_0_764d5f3bd4f01aea3a3a28437f211b7f.jpg)
1/4
© Фото / Фонд "Евразийцы — новая волна"
Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Москва шаарын коргогондордун эрдигин эскерген "Даңкыбыз менен көңүл оорубуз ушул жерде" деген аталыштагы митинг болуп өттү
© Фото / Фонд "Евразийцы — новая волна"Москваны кан-жаны менен коргогондордун элесин эскерүү үчүн мэриянын, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, Россиянын Казакстан жана Кыргызстандагы элчиликтеринен келишти
![Москваны кан-жаны менен коргогондордун элесин эскерүү үчүн мэриянын, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, Россиянын Казакстан жана Кыргызстандагы элчиликтеринен келишти Москваны кан-жаны менен коргогондордун элесин эскерүү үчүн мэриянын, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, Россиянын Казакстан жана Кыргызстандагы элчиликтеринен келишти - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/0b/10/1054620114_0:5:2144:1353_600x0_80_0_0_dbfd7d8b4c8e216b1bc0c5e55d854ab7.jpg)
2/4
© Фото / Фонд "Евразийцы — новая волна"
Москваны кан-жаны менен коргогондордун элесин эскерүү үчүн мэриянын, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, Россиянын Казакстан жана Кыргызстандагы элчиликтеринен келишти
© Фото / Фонд "Евразийцы — новая волна"Салт болуп калган митинг-реквиемге Бишкектеги ЖОЖдордун студенттери жана окутуучулары да катышты
![Салт болуп калган митинг-реквиемге Бишкектеги ЖОЖдордун студенттери жана окутуучулары да катышты Салт болуп калган митинг-реквиемге Бишкектеги ЖОЖдордун студенттери жана окутуучулары да катышты - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/0b/10/1054620119_0:76:2144:1424_600x0_80_0_0_b86b31594cc662f9c67fecc72ec801a3.jpg)
3/4
© Фото / Фонд "Евразийцы — новая волна"
Салт болуп калган митинг-реквиемге Бишкектеги ЖОЖдордун студенттери жана окутуучулары да катышты
© Фото / Фонд "Евразийцы — новая волна"Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин аскердик атташеси Владислав Филиппов панфиловчу-жоокерлердин — легендага айланган 316-аткычтар дивизиясынын эрдиги эч качан унутулбай тургандыгын айтты
![Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин аскердик атташеси Владислав Филиппов панфиловчу-жоокерлердин — легендага айланган 316-аткычтар дивизиясынын эрдиги эч качан унутулбай тургандыгын айтты Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин аскердик атташеси Владислав Филиппов панфиловчу-жоокерлердин — легендага айланган 316-аткычтар дивизиясынын эрдиги эч качан унутулбай тургандыгын айтты - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/0b/10/1054620099_0:0:2145:1349_600x0_80_0_0_8ca08ebc4ffdfcfb8f9bcaad64b44325.jpg)
4/4
© Фото / Фонд "Евразийцы — новая волна"
Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин аскердик атташеси Владислав Филиппов панфиловчу-жоокерлердин — легендага айланган 316-аткычтар дивизиясынын эрдиги эч качан унутулбай тургандыгын айтты
1/4
© Фото / Фонд "Евразийцы — новая волна"
Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Москва шаарын коргогондордун эрдигин эскерген "Даңкыбыз менен көңүл оорубуз ушул жерде" деген аталыштагы митинг болуп өттү
2/4
© Фото / Фонд "Евразийцы — новая волна"
Москваны кан-жаны менен коргогондордун элесин эскерүү үчүн мэриянын, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, Россиянын Казакстан жана Кыргызстандагы элчиликтеринен келишти
3/4
© Фото / Фонд "Евразийцы — новая волна"
Салт болуп калган митинг-реквиемге Бишкектеги ЖОЖдордун студенттери жана окутуучулары да катышты
4/4
© Фото / Фонд "Евразийцы — новая волна"
Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин аскердик атташеси Владислав Филиппов панфиловчу-жоокерлердин — легендага айланган 316-аткычтар дивизиясынын эрдиги эч качан унутулбай тургандыгын айтты
Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин аскердик атташеси Владислав Филиппов панфиловчу-жоокерлердин — легендага айланган 316-аткычтар дивизиясынын эрдиги эч качан унутулбай тургандыгын айтты.
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин шаардык коомунун төрагасы Мелис Бейшеев панфиловчу дивизия өзүнүн позициясын гана коргобостон, немецтик төрт дивизиянын таш-талканын чыгарган эрдигин эскерди.
"Дал ошол Москва салгылашуусун Улуу Ата Мекендик согуштагы маанилүү, кармаштын нугун өзгөрткөн учур деп баалоого болот. Борбор калаа үчүн болгон бул ири кармашка 7 миллионго чукул киши тартылган", — деди Бейшеев.
Митингдин катышуучулары баатырларды аза мүнөтү менен эскерип, аягында салют атылды. Иш-чара Өчпөс отко гүл коюу менен аяктады. Аны Коргоо министрлигинин оркестри коштоду.