Бекчороева Лира Жакыпбековна — өмүр баяны
03:08 22.11.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021)
© Фото / пресс-служба партии "Социал-демократы"Бекчороева Лира Жакыпбековна
© Фото / пресс-служба партии "Социал-демократы"
Жазылуу
Лира Бекчороева 1978-жылы 26-сентябрда Нарын облусунда туулган. Жогорку билимдүү. Кыргызстан эл аралык университетин "эл аралык мамилелер" адистиги боюнча аяктаган. Ошол эле окуу жайда магистр даражасына ээ болгон.
Эмгек жолу:
- 1999-2001 ― Кыргызстан эл аралык университетинин эл аралык бөлүмүндө котормочу;
- 2001-2007 ― Кыргызстан эл аралык университетинин Европа жана Азия өлкөлөрү менен кызматташуу бөлүмүнүн башчысы;
- 2007-2012 ― "Манас" эл аралык аэропортунда котормочу;
- 2012-2016 ― бала бакчанын ээси, жеке ишкер;
- 2016-2017 ― "Ишкердикти өнүктүрүү фонду" микрокредиттик компаниясы ААКнын башкаруучулугунун башчысы;
- 2017-2019 ― "Данайым" комдук фондунда PR-менеджер;
- 2018-2019 ― "Стройпарк" ЖЧКсынын өнүктүрүү боюнча директору;
- 2019-2020 ― "Интелкон" ЖЧКсында менеджер;
- 2020-2021 ― англис тилинен котормочу, фрилансер.