https://sputnik.kg/20211125/konshularda-24-adam-kazakstan-21-kishi-almaty-ysymyn-alyp-zhurot-1054720769.html
Коңшу өлкөдө 24 адам Казакстан, 18 киши Түркистан ысымын алып жүрөт
Коңшу өлкөдө 24 адам Казакстан, 18 киши Түркистан ысымын алып жүрөт
Sputnik Кыргызстан
Коңшу Казакстанда Семей, Түркистан, Атырау, Тараз, Костанай, Актау жана Нур-Султан деп аталган ысымдар да кездешет. 25.11.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-11-25T09:03+0600
2021-11-25T09:03+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
коом
азия
дүйнөдө
казакстан
нур-султан
алматы
тараз
калк
ысым
https://sputnik.kg/img/07e5/0b/19/1054723422_0:0:2195:1242_1920x0_80_0_0_dbec57225a00f3be7387ba62bdbd1931.jpg
БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Казакстан Республикасында 24 адам Казакстан деген ысымды алып жүрөт. Бөбөктөргө андан башка дагы жер-суунун аты ыйгарылган учурлар бар.Sputnik Казакстан маалымат агенттигинин билдиргенине караганда, Казакстан аттуу жарандар Акмола облусунда жашайт. Карагандыда төрт, Костанайда үч, Шымкентте эки жана өлкөнүн батыш жагы менен Маңгыстауда бирден ысымдаштар турары белгилүү болду.Ал эми башка шаарлардын аталыштары боюнча сереп салсак, Семей ысымы 28 , Алматы 21, Түркистан 18, Атырау 15, Тараз 14, Костанай 12, Актау 11 адамга ыйгарылыптыр.Нур-Султан ысымын алган 10 учурду эсепке кошпосо болот, бул шаар өлкөнүн туңгуч президенти Назарбаевдин ысымынан жакында эле ыйгарылганы баарына белгилүү. Андан сырткары, Шымкент эки, Актөбе менен Талдыкорган аттары бирден бөбөккө ыйгарылган.2021-жылдын 1-октябрына карата Казакстанда 19,1 миллион адам жашаары катталган. Бул былтыркыга салыштырмалуу 1,3 пайызга көп.Ал эми облустар боюнча ала келгенде Алматы менен Түркистан дубандарында калктын көп бөлүгү, тагыраагы, 2,1 миллион адамдын жашаары белгилүү болду. Анын артынан Алматы шаары (2 миллион) келери айтылды.Эли эң аз Түндүк Казакстан облусу дешти. Анда учурда жарым миллионго жетпеген, тагыраагы, 539,4 миң адам жашайт экен.
https://sputnik.kg/20211123/nazarbaevdin-nur-otan-liderligin-tokaevge-bereri-aytyldy-1054704805.html
казакстан
нур-султан
алматы
тараз
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/0b/19/1054723422_48:0:2078:1276_1920x0_80_0_0_287a1e9f309ce52fb18d2c722d192466.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, азия, дүйнөдө, казакстан, нур-султан, алматы, тараз, калк, ысым, статистика
жаңылыктар, коом, азия, дүйнөдө, казакстан, нур-султан, алматы, тараз, калк, ысым, статистика
Коңшу өлкөдө 24 адам Казакстан, 18 киши Түркистан ысымын алып жүрөт
09:03 25.11.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Коңшу Казакстанда Семей, Түркистан, Атырау, Тараз, Костанай, Актау жана Нур-Султан деп аталган ысымдар да кездешет.
БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Казакстан Республикасында 24 адам Казакстан деген ысымды алып жүрөт. Бөбөктөргө андан башка дагы жер-суунун аты ыйгарылган учурлар бар.
Sputnik Казакстан маалымат агенттигинин билдиргенине караганда, Казакстан аттуу жарандар Акмола облусунда жашайт. Карагандыда төрт, Костанайда үч, Шымкентте эки жана өлкөнүн батыш жагы менен Маңгыстауда бирден ысымдаштар турары белгилүү болду.
Ал эми башка шаарлардын аталыштары боюнча сереп салсак, Семей ысымы 28 , Алматы 21, Түркистан 18, Атырау 15, Тараз 14, Костанай 12, Актау 11 адамга ыйгарылыптыр.
23 Жетинин айы 2021, 16:54
Нур-Султан ысымын алган 10 учурду эсепке кошпосо болот, бул шаар өлкөнүн туңгуч президенти Назарбаевдин ысымынан жакында эле ыйгарылганы баарына белгилүү. Андан сырткары, Шымкент эки, Актөбе менен Талдыкорган аттары бирден бөбөккө ыйгарылган.
2021-жылдын 1-октябрына карата Казакстанда 19,1 миллион адам жашаары катталган. Бул былтыркыга салыштырмалуу 1,3 пайызга көп.
Ал эми облустар боюнча ала келгенде Алматы менен Түркистан дубандарында калктын көп бөлүгү, тагыраагы, 2,1 миллион адамдын жашаары белгилүү болду. Анын артынан Алматы шаары (2 миллион) келери айтылды.
Эли эң аз Түндүк Казакстан облусу дешти. Анда учурда жарым миллионго жетпеген, тагыраагы, 539,4 миң адам жашайт экен.