https://sputnik.kg/20211128/iim-shajloo-dattanuu-dobush-satyp-aluu-1054775327.html
ИИМ өкүлү: шайлоочуларды ташуу, добуш сатып алуу боюнча даттануулар түшүүдө
ИИМ өкүлү: шайлоочуларды ташуу, добуш сатып алуу боюнча даттануулар түшүүдө
Sputnik Кыргызстан
Тергөөчүнүн айтымында, фактылар текшерилгенден кийин Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталат, такталбаса журналдан чийилет же БШКга чара көрүү... 28.11.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-11-28T16:15+0600
2021-11-28T16:15+0600
2021-12-14T14:27+0600
жогорку кеңешке жаңы тартип менен болчу шайлоо
жаңылыктар
коом
кыргызстан
иим
шайлоо
даттануу
добуш
жогорку кеңешке шайлоо 2021
https://sputnik.kg/img/07e5/0b/1c/1054767799_0:241:3072:1979_1920x0_80_0_0_a300773283cd649811e492cf38e3543d.jpg
БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Шайлоо процессинин жүрүшүндө милицияга мыйзам бузуу боюнча 15 даттануу келип түштү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын улук тергөөчүсү Нарисбек Кыдырбаев Sputnik Кыргызстан агенттигинин пресс-борборунда өткөн маалымат жыйында билдирди.Ал "Шайлоодогу коррупция тууралуу: ИИМ, байкоочулар жана Коррупцияга каршы ишкердик кеңеш" аттуу брифингге катышты.Ички иштер министрлигинин өкүлү белгилегендей, үгүт иштеринин жүрүшүндө пара алуу боюнча 49 факты катталып, анын 24ү өндүрүшкө алынып, 3 факты сотко жөнөтүлгөн, ал эми 22 факты аныкталбаганына байланыштуу иштер токтотулган.Ал ошондой эле административдик ресурсту пайдалануу боюнча фактылар катталбаганын кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/0b/1c/1054767799_0:118:3072:2048_1920x0_80_0_0_089b53b393cccc3e01522454435bcce6.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жогорку кеңешке жаңы тартип менен болчу шайлоо, жаңылыктар, коом, кыргызстан, иим, шайлоо, даттануу, добуш, жогорку кеңешке шайлоо 2021
жогорку кеңешке жаңы тартип менен болчу шайлоо, жаңылыктар, коом, кыргызстан, иим, шайлоо, даттануу, добуш, жогорку кеңешке шайлоо 2021
ИИМ өкүлү: шайлоочуларды ташуу, добуш сатып алуу боюнча даттануулар түшүүдө
16:15 28.11.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Тергөөчүнүн айтымында, фактылар текшерилгенден кийин Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталат, такталбаса журналдан чийилет же БШКга чара көрүү үчүн өткөрүп берилет.
БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Шайлоо процессинин жүрүшүндө милицияга мыйзам бузуу боюнча 15 даттануу келип түштү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын улук тергөөчүсү Нарисбек Кыдырбаев Sputnik Кыргызстан агенттигинин пресс-борборунда өткөн маалымат жыйында билдирди.
Ал "Шайлоодогу коррупция тууралуу: ИИМ, байкоочулар жана Коррупцияга каршы ишкердик кеңеш" аттуу брифингге катышты.
"Саат 14:00гө карата шайлоо процессин бузуу боюнча 15 арыз келип түштү. Ар бири текшерилип, маалыматтарды каттоо журналына киргизилди. Текшерүүдөн кийин Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталат, такталбаса журналдан чийилет же БШКга чара көрүү үчүн өткөрүп беребиз. Даттануулар шайлоочуларды ташуудан баштап добуш сатууга чейин болууда. Бирок алар азыр текшерилип жатканын белгилейбиз", — деди Кыдырбаев.
Ички иштер министрлигинин өкүлү белгилегендей, үгүт иштеринин жүрүшүндө пара алуу боюнча 49 факты катталып, анын 24ү өндүрүшкө алынып, 3 факты сотко жөнөтүлгөн, ал эми 22 факты аныкталбаганына байланыштуу иштер токтотулган.
Ал ошондой эле административдик ресурсту пайдалануу боюнча фактылар катталбаганын кошумчалады.