https://sputnik.kg/20211202/kumtor-zhergiliktuulordu-ishten-aluuda-1054828133.html
Депутат: "Кумтөр" жергиликтүүлөрдү иштен алып, чет элдик компанияларды чакырууда
Депутат: "Кумтөр" жергиликтүүлөрдү иштен алып, чет элдик компанияларды чакырууда
Sputnik Кыргызстан
Депутат башаламандыкты токтотуу үчүн президенттин жана министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлүнө кайрылды. 02.12.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-12-02T11:38+0600
2021-12-02T11:38+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
коом
кыргызстан
кумтөр
жетекчилик
жумуш
иш
депутат
https://sputnik.kg/img/103133/27/1031332734_0:550:5160:3452_1920x0_80_0_0_5850d095c955820ea1847af2a9b11c74.jpg
БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. "Кумтөр голд компани" ишканасында кадрдык башаламандык башталды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Акыл Кемелов билдирди.Анын айтымында, жергиликтүү тургундарды жумуштан кетирип жана ата мекендик подрядчы компаниялар менен келишимдерди токтотуп, Түркия, Казакстандын ишканалары менен келишим түзүп жатат. Мындан улам депутат президенттин жана министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылды.Ошондой эле ал Көлгө барып эл аралап жүргөндө ар бир айылдан жумуштан кеткен жарандар арызданганын белгиледи."Кумтөр" азырынча депутаттын айтканы боюнча билдирүү тарата элек.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103133/27/1031332734_516:456:4660:3564_1920x0_80_0_0_480128a777820d13a5f5b74a92abc9b2.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, кумтөр, жетекчилик, жумуш, иш, депутат
жаңылыктар, коом, кыргызстан, кумтөр, жетекчилик, жумуш, иш, депутат
Депутат: "Кумтөр" жергиликтүүлөрдү иштен алып, чет элдик компанияларды чакырууда
11:38 02.12.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Депутат башаламандыкты токтотуу үчүн президенттин жана министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлүнө кайрылды.
БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. "Кумтөр голд компани" ишканасында кадрдык башаламандык башталды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Акыл Кемелов билдирди.
Анын айтымында, жергиликтүү тургундарды жумуштан кетирип жана ата мекендик подрядчы компаниялар менен келишимдерди токтотуп, Түркия, Казакстандын ишканалары менен келишим түзүп жатат. Мындан улам депутат президенттин жана министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылды.
"Буга чейин Кумтөрдүн жетекчилиги маалымат берсин деп айткан элем. Алмасбек Ахунжанович, сиз муну көзөмөлгө алып койсоңуз. Президентке да, Кумтөрдүн жетекчилигине да айтып койсоңуз. Ушундай мамиленин артынан Көлдө эл көтөрүлүп кетпесин. Муну эскертип коёюн. Ал кишиге ("Кумтөр голд компанинин" сырткы башкаруучусу Теңиз Бөлтүрүк — ред.) президентибиз, парламент, эл ишенип койсо өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илип жатат. Кадрдык башаламандыкты ушундайында токтотсун", — деди депутат.
Ошондой эле ал Көлгө барып эл аралап жүргөндө ар бир айылдан жумуштан кеткен жарандар арызданганын белгиледи.
"Кумтөр" азырынча депутаттын айтканы боюнча билдирүү тарата элек.