Текебаевге кол салды деген шектүү кармалып, телефону кайтарылды
09:35 02.12.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021)
© Фото / пресс-служба ГУВД БишкекаТелефон Омурбека Текебаева отобранный во время нападения на него
![Телефон Омурбека Текебаева отобранный во время нападения на него Телефон Омурбека Текебаева отобранный во время нападения на него - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.12.2021](https://sputnik.kg/img/07e5/0c/02/1054826546_0:0:1000:566_1920x0_80_0_0_729b801bd4fb0d17c1cb568f2f7cced9.jpg)
© Фото / пресс-служба ГУВД Бишкека
Жазылуу
Шектүү жаран тергөө үчүн алып келинип, Бишкек шаарындагы убактылуу кармоо жайына киргизилгени айтылды.
БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Ыкчам иликтөө иштердин жыйынтыгында Текебаевге кол салды деген шектүү кармалып, ким экендиги аныкталды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынын маалымат кызматынан кабарлады.
© Фото / пресс-служба ГУВД БишкекаЫкчам иликтөө иштердин жыйынтыгында Текебаевге кол салды деген шектүү кармалып, ким экендиги аныкталды
![Задержание подозреваемого в нападении на Омурбека Текебаева Задержание подозреваемого в нападении на Омурбека Текебаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021](https://sputnik.kg/img/07e5/0c/02/1054826551_0:0:698:832_1920x0_80_0_0_9c037e81f06b469f2989ec8055d88aa7.jpg)
Ыкчам иликтөө иштердин жыйынтыгында Текебаевге кол салды деген шектүү кармалып, ким экендиги аныкталды
© Фото / пресс-служба ГУВД Бишкека
"Өмүрбек Текебаевге кол салгандарды ыкчам издөө жана тергөө боюнча жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында, борбор калаанын криминалдык милициясы тарабынан Чүй облусунда туулган 23 жаштагы Э.Ы. аттуу жаран кармалды", — деп билдирди ШИИБден.
Ал тергөө үчүн Бишкек шаарындагы убактылуу кармоо жайына киргизилгени айтылды.
"Кармалган киши өз ыктыяры менен тартип сакчыларына Текебаевге тиешелүү мобилдик телефонду берди", — деп кошумчалашкан алар.
Милиция учурда бул ишке катышы бар башка шектүүлөрдү издөө жана аныктоо иштери жүрүп жаткандыгын айтты.
Эске салсак, кечээ, 1-декабрда, борбор калаадагы мейманканалардын биринин алдында Өмүрбек Текебаевге белгисиз балдар кол салган. Президент Садыр Жапаров Текебаевге кол салуу ишин тез арада териштирүү боюнча ИИМге тапшырма берген.