https://sputnik.kg/20211209/sajma-sayuu-boyuncha-chempionat-1054911320.html
Бишкекте сайма саюу боюнча чемпионат өткөрүлөт
Бишкекте сайма саюу боюнча чемпионат өткөрүлөт
Sputnik Кыргызстан
Чемпионаттын алкагында белдемчилердин дефиле сынагы болору айтылды. Анда мыкты белдемчи ээсине белектер берилет. 09.12.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-12-09T12:44+0600
2021-12-09T12:44+0600
2021-12-21T12:13+0600
жаңылыктар
коом
кыргызстан
сайма
чемпионат
иш-чара
сынак
белдемчи
маданият
https://sputnik.kg/img/07e4/0c/03/1050655468_0:0:3067:1736_1920x0_80_0_0_6fd610fdddc5f4339f82f0d7c9fabab8.jpg
БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Бишкекте үчүнчү ирет республикалык "Сайма чемпионаты — 2021" иш-чарасы өткөрүлөт. Бул тууралуу "Кийиз дүйнө" коомдук фонду кабарлады.Билдирмеге караганда, иш-чара 19-декабрь күнү саат 11:00дө Улуттук тарых музейинде башталат. Чемпионатты "Кийиз дүйнө" коомдук фонду Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана Улуттук тарых музейинин колдоосу менен уюштурмакчы.Шарттары:Чемпионаттын алкагында белдемчилердин дефиле сынагы болору айтылды. Анда мыкты белдемчи ээсине белектер берилет.Иш-чарага каттоо 19-декабрга чейин уланары кошумчаланды.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e4/0c/03/1050655468_0:0:3067:1928_1920x0_80_0_0_5250c26442889e40e55878824c0bab94.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, сайма, чемпионат, иш-чара, сынак, белдемчи, маданият
жаңылыктар, коом, кыргызстан, сайма, чемпионат, иш-чара, сынак, белдемчи, маданият
Бишкекте сайма саюу боюнча чемпионат өткөрүлөт
12:44 09.12.2021 (Жаңыртылды: 12:13 21.12.2021) Чемпионаттын алкагында белдемчилердин дефиле сынагы болору айтылды. Анда мыкты белдемчи ээсине белектер берилет.
БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Бишкекте үчүнчү ирет республикалык "Сайма чемпионаты — 2021" иш-чарасы өткөрүлөт. Бул тууралуу "Кийиз дүйнө" коомдук фонду кабарлады.
Билдирмеге караганда, иш-чара 19-декабрь күнү саат 11:00дө Улуттук тарых музейинде башталат. Чемпионатты "Кийиз дүйнө" коомдук фонду Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана Улуттук тарых музейинин колдоосу менен уюштурмакчы.
"Сынак сайманы кайрадан жандандыруу, сактоо жана жайылтуу максатында өткөрүлмөкчү. Сайма чемпионатына Кыргызстандын бардык аймактарынан сайманын "керме" түрүн билгендер катыша алат", — деп айтылат маалыматта.
- Катышуучунун баракчасын толтуруп, уюштуруучуларга 0708 32-62-64 номерине жиберүү керек;
- Ар бир катышуучу белдемчи кийип келүүсү шарт;
- Ар бир катышуучу керме сайма саюуга керектүү кергич, шибегени ѳзү менен ала келет;
- Ар бир катышуучу берилген убакыт аралыгында темага жараша өзүнүн оюусун чийип, анан сайма сайып чыгышы керек.
Чемпионаттын алкагында белдемчилердин дефиле сынагы болору айтылды. Анда мыкты белдемчи ээсине белектер берилет.
Иш-чарага каттоо 19-декабрга чейин уланары кошумчаланды.