Россиядан Бишкекке азык-түлүктүн кезектеги партиясы алып келинди. Видео
19:50 10.12.2021 (Жаңыртылды: 22:34 16.12.2021)
Жазылуу
БУУнун Кыргызстандагы Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын кампасына Россиядан байытылган ундун кезектеги партиясы жеткирилди. Кененирээк Sputnik агенттигинин видеосунан көрүңүз.
Жыл соңуна чейин Россиядан Кыргызстанга 1 430 тонна ун алып келинет. Аны муктаж болгон 40 миң үй-бүлө алат, ошондой эле балдарга мектеп тамактануусу боюнча программанын алкагында берилет.
Азык-түлүктү тапшыруу иш-чарасына социалдык камсыздандыруу жана миграция министри Кудайберген Базарбаев, Россиянын элчиси Николай Удовиченко жана БУУнун КРдеги дүйнөлүк азык-түлүк программасынын директорунун убактылуу милдетин аткаруучу Майкл Хаггинс катышты.
© Sputnik / Табылды КадырбековАзык-түлүктү тапшыруу иш-чарасына социалдык камсыздандыруу жана миграция министри Кудайберген Базарбаев, Россиянын элчиси Николай Удовиченко жана БУУнун КРдеги дүйнөлүк азык-түлүк программасынын директорунун убактылуу милдетин аткаруучу Майкл Хаггинс катышты.
![Новая партия продовольственной помощи из России прибыла в Кыргызстан Новая партия продовольственной помощи из России прибыла в Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021](https://sputnik.kg/img/07e5/0c/0a/1054925651_0:0:3072:2048_1920x0_80_0_0_33823ef7bd9910225cab56c50a315cff.jpg)
Азык-түлүктү тапшыруу иш-чарасына социалдык камсыздандыруу жана миграция министри Кудайберген Базарбаев, Россиянын элчиси Николай Удовиченко жана БУУнун КРдеги дүйнөлүк азык-түлүк программасынын директорунун убактылуу милдетин аткаруучу Майкл Хаггинс катышты.
Удовиченконун айтымында, быйыл жалпы жонунан 4,5 миң тонна ун, 380 тонна суу май жеткирилген.
© Sputnik / Табылды КадырбековРоссиянын элчиси Николай Удовиченко
![Новая партия продовольственной помощи из России прибыла в Кыргызстан Новая партия продовольственной помощи из России прибыла в Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021](https://sputnik.kg/img/07e5/0c/0a/1054925402_0:0:3072:2048_1920x0_80_0_0_9c10ddba44d5fca862590b994cf05347.jpg)
Россиянын элчиси Николай Удовиченко
"Акча менен айтканда бул болжол менен 4,5 миллион долларды түзөт. Келерки жылы дагы азык-түлүк жеткирүү программасын ишке ашыруу үчүн каражат бөлүү чечими жаңы эле кабыл алынды", — деди элчи.
Россиянын колдоосу астында программа пандемия учурунда дагы иштегени белгиленди.