Бишкекте дагы 4 мектеп жабылып, карантинге алынгандар 24кө жетти. Тизме
20:53 20.01.2022 (Жаңыртылды: 21:00 20.01.2022)
![Мугалим класста отурат. Архив Мугалим класста отурат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.01.2022](https://sputnik.kg/img/101418/01/1014180184_255:512:2900:2000_1920x0_80_0_0_e3558b34dc07a9ca45bc9317e7cdf90c.jpg)
© Sputnik / Саид Царнаев
/ Жазылуу
Октябрь районундагы №135 бала бакча дагы ишин токтоткон.
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Борбор калаада 4 мектеп карантинге жабылып, жалпы 24 билим берүү мекемесинин окуучулары онлайн окууга өттү.
Учурда төмөнкү мектептер карантинде:
Свердлов районунда: №4, 11, 12, 38, 67, 30, 32, 33, 52;
Биринчи май: №6, 18, 28, 29, 48, 70;
Октябрь: №17, 26, 88, 62, 60, 73, 61;
Ленин: №9, 13.
Мэрия аталган мектептерде коронавирустун эки-үч учуру аныкталганын белгиледи. Аны менен катар Октябрь районундагы №135 бала бакча дагы жабылган.
Белгилей кетсек, Бишкек шаарында бүгүн 600 адамдан коронавирус жана пневмония аныкталды.