https://sputnik.kg/20220125/aygul-aydarova-deputat-bolup-keldi-1061525897.html
БШК Орозайым Нарматованын мандатын Айгүл Айдаровага өткөрүп берди
БШК Орозайым Нарматованын мандатын Айгүл Айдаровага өткөрүп берди
Sputnik Кыргызстан
Өткөн жумада Нарматова диплом чырына байланыштуу депутаттык укуктарынан ажыратылган. 25.01.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-01-25T18:48+0600
2022-01-25T18:48+0600
2022-01-25T18:48+0600
кыргызстан
саясат
жогорку кеңеш
мандат
депутат
айгүл айдарова
https://sputnik.kg/img/07e6/01/19/1061520764_0:29:1280:750_1920x0_80_0_0_0d036403b766a6d496176748dcca0508.jpg
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү Айгүл Айдарова Жогорку Кеңештин депутаты болуп катталды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.Ага диплом чырынан улам кызматтан кеткен Орозайым Нарматованын мандаты өткөрүп берилген. Айдарова шайлоодо 548 добушка (партия ичинде 0.60 пайыз) ээ болгон. Ал партиядагы алган добушу боюнча Нарматовадан кийинки сапта турган.Айгүл Айдарова 1988-жылы 15-мартта Баткен районунун Самаркандек айылында туулган. Кесиби юрист, 2012-2013-жылдары Токмок РИИБде тергөөчү, андан кийин эки жыл жеке компанияда котормочу болуп иштеген. 2019-жылдан бери Чүй облусунун Аламүдүн райондук милиция бөлүмүндө тергөөчү болуп эмгектенчү.Белгилей кетсек, 20-январда БШК Орозайым Нарматова дипломун мыйзамсыз алган деген жүйө менен ЖК депутатын мандатынан ажыратты. УКМКнын текшерүүсүнөн кийин Жалал-Абад мамлекеттик университети ага 2017-жылы берген дипломун артка чакыртып алган.
https://sputnik.kg/20220121/orozayym-narmatova-sottorgo-da-ishenbeym-1061414249.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/01/19/1061520764_72:0:1209:853_1920x0_80_0_0_8f73d68a68ead3130571ca275f8c9915.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, саясат, жогорку кеңеш, мандат, депутат, айгүл айдарова
кыргызстан, саясат, жогорку кеңеш, мандат, депутат, айгүл айдарова
БШК Орозайым Нарматованын мандатын Айгүл Айдаровага өткөрүп берди
Өткөн жумада Нарматова диплом чырына байланыштуу депутаттык укуктарынан ажыратылган.
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү
Айгүл Айдарова Жогорку Кеңештин депутаты болуп катталды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.
Ага диплом чырынан улам кызматтан кеткен
Орозайым Нарматованын мандаты өткөрүп берилген. Айдарова шайлоодо 548 добушка (партия ичинде 0.60 пайыз) ээ болгон. Ал партиядагы алган добушу боюнча Нарматовадан кийинки сапта турган.
Айгүл Айдарова 1988-жылы 15-мартта Баткен районунун Самаркандек айылында туулган. Кесиби юрист, 2012-2013-жылдары Токмок РИИБде тергөөчү, андан кийин эки жыл жеке компанияда котормочу болуп иштеген. 2019-жылдан бери Чүй облусунун Аламүдүн райондук милиция бөлүмүндө тергөөчү болуп эмгектенчү.
Белгилей кетсек, 20-январда БШК Орозайым Нарматова дипломун мыйзамсыз алган деген жүйө менен ЖК депутатын
мандатынан ажыратты. УКМКнын текшерүүсүнөн кийин Жалал-Абад мамлекеттик университети ага 2017-жылы берген дипломун артка чакыртып алган.