https://sputnik.kg/20220127/uchuuchu-avtounaa-birinchi-iret-slovakiyada-kattaldy-1061588425.html
Учуучу автоунаа биринчи ирет Словакияда катталды. AirCar асманда жүргөн видео
Учуучу автоунаа биринчи ирет Словакияда катталды. AirCar асманда жүргөн видео
Sputnik Кыргызстан
Уча ала турган AirCar темир тулпарына BMW кыймылдаткычы тагылган. Сертификат мындай техникаларды өндүрүп, коммерция үчүн колдонууга уруксат берет. 27.01.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-01-27T13:47+0600
2022-01-27T13:47+0600
2022-01-27T13:47+0600
видео
дүйнөдө
автоунаа
учуу
словакия
сыноо
https://sputnik.kg/img/07e6/01/1b/1061584913_0:0:1280:720_1920x0_80_0_0_7b447c85e6deb5a1f140dbb095f55516.jpg
Мындай укмуштуу жыйынтыкка адистер 200 ирет учуп чыгып, кайра конуп, 70 саат бою кылдаттык менен авиациялык коопсуздуктун европалык стандарттарынын (EASA) негизине шайкеш келтирип сынап отуруп жетишкени айтылат. Ал процесстер YouTube каналга жарыяланган.Өндүрүш ээси учуулар жана ишке киргизүү үчүн пайдалануу маневрлар бардык тесттен өткөрүлгөндүгүн билдирди. "Аппарат учуп жүргөндө таңгаларлык так жана динамикалык туруктуулукту" көрсөткөндүгүн баса белгилеген. Андан сырткары, сынап жатканда машина Словакияда шаарлар арасында алгачкы каттамын жасаган.AirCar орточо алганда саатына 170 чакырым ылдамдык менен 1000 чакырымга жүрө алат. Асманга 2,5 чакырымга чейин көтөрүлөт. Андан сырткары, спорттук автоунаадан эки мүнөттө эле чакан учакка айлана алат. Эни анча жазы эмес канаттары жерде жүргөндө автоунаанын эки капталына жыйналып калат. Бул техниканы жасап чыгууга эки жыл убакыт кетип, эки миллион евродон кем эмес акча сарпталган.
словакия
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/01/1b/1061584913_241:0:1201:720_1920x0_80_0_0_41f785511fdf7c09af0debd1257297d2.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
видео, дүйнөдө, автоунаа, учуу, словакия, сыноо, видео
видео, дүйнөдө, автоунаа, учуу, словакия, сыноо, видео
Учуучу автоунаа биринчи ирет Словакияда катталды. AirCar асманда жүргөн видео
Уча ала турган AirCar темир тулпарына BMW кыймылдаткычы тагылган. Сертификат мындай техникаларды өндүрүп, коммерция үчүн колдонууга уруксат берет.
Мындай укмуштуу жыйынтыкка адистер 200 ирет учуп чыгып, кайра конуп, 70 саат бою кылдаттык менен авиациялык коопсуздуктун европалык стандарттарынын (EASA) негизине шайкеш келтирип сынап отуруп жетишкени айтылат. Ал процесстер YouTube каналга жарыяланган.
Өндүрүш ээси учуулар жана ишке киргизүү үчүн пайдалануу маневрлар бардык тесттен өткөрүлгөндүгүн билдирди. "Аппарат учуп жүргөндө таңгаларлык так жана динамикалык туруктуулукту" көрсөткөндүгүн баса белгилеген. Андан сырткары, сынап жатканда машина Словакияда шаарлар арасында алгачкы каттамын жасаган.
AirCar орточо алганда саатына 170 чакырым ылдамдык менен 1000 чакырымга жүрө алат. Асманга 2,5 чакырымга чейин көтөрүлөт. Андан сырткары, спорттук автоунаадан эки мүнөттө эле чакан учакка айлана алат. Эни анча жазы эмес канаттары жерде жүргөндө автоунаанын эки капталына жыйналып калат. Бул техниканы жасап чыгууга эки жыл убакыт кетип, эки миллион евродон кем эмес акча сарпталган.