Бишкектин көркүн бузуп, көйгөй жараткан электр зымдарынын "желеси". Сүрөт
Жазылуу
Электр зымдары боюнча маселени чечүү үчүн Бишкектин биринчи вице-мэри Максатбек Сазыкуловдун төрагалыгынын алдында "Бишкек башкы архитектурада" жыйын өткөн.
БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Бишкекти үймөлөктөшкөн электр зымдарынан арылтпаса жакын арада ордо калаа Түштүк Азия шаарларынын кейпин киет. Бул тууралуу "Бишкек башкы архитектура" мамлекеттик мекемеси билдирип, шаардагы оролгон зымдардын сүрөттөрүн жүктөгөн.
© Фото / пресс-служба БишкекглавархитектурыБишкекти үймөлөктөшкөн электр зымдарынан арылтпаса жакын арада ордо калаа Түштүк Азия шаарларынын кейпин киет. Бул тууралуу "Бишкек башкы архитектура" мамлекеттик мекемеси билдирип, шаардагы оролгон зымдардын сүрөттөрүн жүктөгөн.
![Электрические провода в Бишкеке Электрические провода в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.02.2022](https://sputnik.kg/img/07e6/02/01/1061706775_0:0:1011:900_1920x0_80_0_0_03dd764522cb6e6e346b304181021639.jpg)
Бишкекти үймөлөктөшкөн электр зымдарынан арылтпаса жакын арада ордо калаа Түштүк Азия шаарларынын кейпин киет. Бул тууралуу "Бишкек башкы архитектура" мамлекеттик мекемеси билдирип, шаардагы оролгон зымдардын сүрөттөрүн жүктөгөн.
© Фото / пресс-служба Бишкекглавархитектуры
Мекеме Бишкекте электр зымдарынан баш айланарын белгиледи.
"Ар кандай интернет-провайдер, мобилдик компаниялардын кабелдери жана электр зымдары шаардын көркүн бузууда. Жыл сайын аба аркылуу өткөн зымдар көбөйгөндөн көбөйүп, үйлөр, мамы, көчөлөр, ал тургай жаңы конуштар зымдардын желесинин алдында калууда", — деген ишкана.
Мамлекеттик мекеме эскирген мамылар кулайын деп турганын эскерткен. Бул маселени чечүү үчүн Бишкектин биринчи вице-мэри Максатбек Сазыкуловдун төрагалыгынын алдында "Бишкек башкы архитектурада" жыйын өтүп, анда аба аркылуу өткөн кабелдерди жер алдындагы телефон канализациясына кошуу боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу каралган. Жыйынга "Кыргызтелеком" ишканасынын, интернет-провайдер, шаардык кызматтардын өкүлдөрү катышкан.
Алар кабелдерди жер алдына өткөрүү идеясын колдоп, мындай чечим Бишкектин көрүнүшүн жакшыртарын, коопсуздук менен камсыз кыларын белгилешти.