https://sputnik.kg/20220203/barak-ehksklavy-alishev-kozuev-kojgojdu-kotordu-1061760514.html
Эл көчүп кетүүдө. Депутат Козуев Барак эксклавындагы көйгөйдү көтөрдү
Эл көчүп кетүүдө. Депутат Козуев Барак эксклавындагы көйгөйдү көтөрдү
Sputnik Кыргызстан
Эл өкүлү эксклавда жашаган кыргызстандыктар дыйканчылык кылайын десе Өзбекстан суу бербей жатканын белгиледи. 03.02.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-02-03T12:35+0600
2022-02-03T12:35+0600
2022-02-03T12:48+0600
кыргызстан
көйгөй
барак эксклавы
дыйканчылык
алишер козуев
https://sputnik.kg/img/07e6/02/03/1061760917_51:418:2701:1909_1920x0_80_0_0_63f0825fa10390befdf6448295dfd65a.jpg
БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Козуев Кыргызстандын Өзбекстанда жайгашкан Барак эксклавында жашагандар жашоо шартынан улам көчүп кетип жатканын билдирди.Анын айтымында, Барак Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл өкмөтүнө карайт. Эксклавдын жалпы аянты 208 гектар. Анын ичинен 75 гектары үлүш болуп эсептелет, 95 гектары фонддун жери, 38 гектарга социалдык объектилер курулган.Депутат эксклавда жашаган кыргызстандыктар дыйканчылык кылайын десе Өзбекстан суу бербей жатканын белгиледи.Мындан улам бул маселеге көңүл буруп, Мамлекеттик чек араларды делимитация жана демаркациялоо боюнча комиссиянын төрагасы Камчыбек Ташиевди барактыктар менен жолугушуу уюштурууну суранды.Натыйжада эл өкүлүнүн көтөргөн көйгөйү тууралуу министрлер кабинетине парламенттин атынан протколдук тапшырма берилди.
https://sputnik.kg/20220203/balbak-tulobaev-prezident-kadrlardy-tazaloo-1061758982.html
барак эксклавы
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/02/03/1061760917_244:410:2427:2048_1920x0_80_0_0_861aa8b55322f0a25b197ba218f8a11f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, көйгөй, барак эксклавы, дыйканчылык, алишер козуев
кыргызстан, көйгөй, барак эксклавы, дыйканчылык, алишер козуев
Эл көчүп кетүүдө. Депутат Козуев Барак эксклавындагы көйгөйдү көтөрдү
12:35 03.02.2022 (Жаңыртылды: 12:48 03.02.2022) Эл өкүлү эксклавда жашаган кыргызстандыктар дыйканчылык кылайын десе Өзбекстан суу бербей жатканын белгиледи.
БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты
Алишер Козуев Кыргызстандын Өзбекстанда жайгашкан Барак эксклавында жашагандар жашоо шартынан улам көчүп кетип жатканын билдирди.
Анын айтымында, Барак Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл өкмөтүнө карайт. Эксклавдын жалпы аянты 208 гектар. Анын ичинен 75 гектары үлүш болуп эсептелет, 95 гектары фонддун жери, 38 гектарга социалдык объектилер курулган.
"Баракта жашагандар кайрылып жатышат. Чек ара маселеси боюнча кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык жумушчу тобу 2018-жылы 7-августта сүйлөшүп, жерлерди алмашуу маселеси 85 пайызга чечилген. Бирок кайсы бир себептер менен ушул күнгө чейин токтоп турат. Азыр Барактагы тургундар же эгин эге алышпайт, же үйлөрүнө барып келе алышпайт. Таштап чыгып келе беришкен. Айылды сактоо иретинде 10-15ке чукул гана кожолук жашап жатат. Калгандары Кыргызстанга өтүп батирлерде жашап, ар жерде кыйналып жүрүшөт. Мамлекет тарабынан 200 миң сомдон ссуда каралган, аны дагы толук алышкан эмес", — деди Козуев.
Депутат эксклавда жашаган кыргызстандыктар дыйканчылык кылайын десе Өзбекстан суу бербей жатканын белгиледи.
Мындан улам бул маселеге көңүл буруп, Мамлекеттик чек араларды делимитация жана демаркациялоо боюнча комиссиянын төрагасы Камчыбек Ташиевди барактыктар менен жолугушуу уюштурууну суранды.
Натыйжада эл өкүлүнүн көтөргөн көйгөйү тууралуу министрлер кабинетине парламенттин атынан протколдук тапшырма берилди.