https://sputnik.kg/20220211/unaa-zhuuchu-zhaj-tonoo-baldar-1061960206.html
Оюнчук тапанча такап... Бишкекте унаа жуучу жайды тоноду деген балдар кармалды
Оюнчук тапанча такап... Бишкекте унаа жуучу жайды тоноду деген балдар кармалды
Sputnik Кыргызстан
3-февралга караган түнү топтошкон балдар Достоевский көчөсүндө жайгашкан унаа жуучу жайга кирип, ал жакта иштегендерге тапанча такап, кассадан акча жана... 11.02.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-02-11T10:20+0600
2022-02-11T10:20+0600
2022-02-11T10:20+0600
бишкек
тоноо
каракчылык
https://sputnik.kg/img/07e6/02/0b/1061958908_0:123:1025:699_1920x0_80_0_0_3c4bc10287329ad3c7fe6317ddb05ec3.jpg
БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Бишкекте унаа жуучу жайды тоноду деген айып менен өспүрүмдөр кармалып, алардын баш коргоо чарасы тандалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБдин маалымат кызматы кабарлады.Билдирмеге караганда, милицияга Ж.З. аттуу жаран кайрылып, белгисиз жарандарга чара көрүүнү өтүнгөн. Анын айтымында, 3-февралга караган түнү топтошкон балдар Достоевский көчөсүндө жайгашкан унаа жуучу жайга кирип, ал жакта иштегендерге тапанча такап, кассадан акча жана телефон алып из жашырып кетишкен. Аталган факт Жазык кодексинин 207-беренеси ("Каракчылык") боюнча Бирдиктүү реестрге катталган.Ыкчам издөө иштеринин жүрүшүндө милиция кызматкерлери аталган кылмышка шектүү деп алты өспүрүмдү кармашты. Алардын үчөө 18 жашта болсо, калган үчөө 19, 17 жана 16 жаштагы балдар. Колго түшүрүлгөндөр тергөө кызматына жеткирилип, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Кийин Октябрь райондук соту тарабынан баш коргоо чарасы тандалып, эки жакка чыкпоо талабы коюлганы кошумчаланды.Учурда алардын башка кылмыштарга катыштыгы бар-жогу текшерилип жатат.
https://sputnik.kg/20220205/bishkek-ayal-kol-salgan-kishi-karmaldy-1061814414.html
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/02/0b/1061958908_0:27:1025:795_1920x0_80_0_0_e525c7f7d2e29b785774464f46978f65.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
бишкек, тоноо, каракчылык
бишкек, тоноо, каракчылык
Оюнчук тапанча такап... Бишкекте унаа жуучу жайды тоноду деген балдар кармалды
3-февралга караган түнү топтошкон балдар Достоевский көчөсүндө жайгашкан унаа жуучу жайга кирип, ал жакта иштегендерге тапанча такап, кассадан акча жана телефон алып кетишкен.
БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Бишкекте унаа жуучу жайды тоноду деген айып менен өспүрүмдөр кармалып, алардын баш коргоо чарасы тандалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, милицияга Ж.З. аттуу жаран кайрылып, белгисиз жарандарга чара көрүүнү өтүнгөн. Анын айтымында, 3-февралга караган түнү топтошкон балдар Достоевский көчөсүндө жайгашкан унаа жуучу жайга кирип, ал жакта иштегендерге тапанча такап, кассадан акча жана телефон алып из жашырып кетишкен. Аталган факт Жазык кодексинин 207-беренеси ("Каракчылык") боюнча Бирдиктүү реестрге катталган.
Ыкчам издөө иштеринин жүрүшүндө милиция кызматкерлери аталган кылмышка шектүү деп алты өспүрүмдү кармашты. Алардын үчөө 18 жашта болсо, калган үчөө 19, 17 жана 16 жаштагы балдар. Колго түшүрүлгөндөр тергөө кызматына жеткирилип, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Кийин Октябрь райондук соту тарабынан баш коргоо чарасы тандалып, эки жакка чыкпоо талабы коюлганы кошумчаланды.
"Кылмыш ишинин алкагында шектүүлөр өз ыктыяры менен милицияга телефон менен оюнчук тапанчаны өткөрүп беришти", — деп айтылат маалыматта.
Учурда алардын башка кылмыштарга катыштыгы бар-жогу текшерилип жатат.