https://sputnik.kg/20220214/shashylysh-bildiruu-kar-zhaajt-1062035496.html
Кар жаап, катуу суук болот. Шашылыш билдирүү
Кар жаап, катуу суук болот. Шашылыш билдирүү
Sputnik Кыргызстан
Дүйшөмбү жана шейшемби күндөрү жер-жерлерде мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлүүдө. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет. 14.02.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-02-14T14:05+0600
2022-02-14T14:05+0600
2022-02-14T14:05+0600
кыргызстан
аба ырайы
шашылыш билдирүү
кыш
https://sputnik.kg/img/07e6/02/0a/1061930985_0:161:3068:1887_1920x0_80_0_0_5643784b4ed95e32e6378d78d963d30d.jpg
БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Бүгүн, эртең Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрүп, күн сууктайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдирди.Маалыматка ылайык, дүйшөмбү күндүз жана шейшембиге караган түнү Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында кар жаайт. 15-февралда күндүз айрым гана жерлерде мезгил-мезгили менен кар түшөт.Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.15-18-февралда абанын температурасы кескин төмөндөп, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12, күндүз -2…-7, Таласта түнкүсүн -11…-16, күндүз -2…-7 градус болот. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн -3…-8, күндүз -3...+2, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -2…-7, Нарында түнкүсүн -20…-25, күндүз -5…-10 градус болору күтүлүүдө.Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат.Ошондой эле жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана алар аркылуу өткөн унаа жолдорунда кар көчкү түшүүcү божомолдонууда. Жолдо жүрүүдө бардык коопсуздук эрежелери сакталып, унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
https://sputnik.kg/20220213/bir-zhumaga-karata-aba-yrajy-1062001284.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/02/0a/1061930985_170:0:2899:2047_1920x0_80_0_0_6ecf85430c1d70867ae70f0daafd0030.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, аба ырайы, шашылыш билдирүү, кыш
кыргызстан, аба ырайы, шашылыш билдирүү, кыш
Кар жаап, катуу суук болот. Шашылыш билдирүү
Дүйшөмбү жана шейшемби күндөрү жер-жерлерде мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлүүдө. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.
БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Бүгүн, эртең Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрүп, күн сууктайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдирди.
Маалыматка ылайык, дүйшөмбү күндүз жана шейшембиге караган түнү Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында кар жаайт. 15-февралда күндүз айрым гана жерлерде мезгил-мезгили менен кар түшөт.
Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.
15-18-февралда абанын температурасы кескин төмөндөп, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12, күндүз -2…-7, Таласта түнкүсүн -11…-16, күндүз -2…-7 градус болот. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн -3…-8, күндүз -3...+2, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -2…-7, Нарында түнкүсүн -20…-25, күндүз -5…-10 градус болору күтүлүүдө.
Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат.
Ошондой эле жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана алар аркылуу өткөн унаа жолдорунда кар көчкү түшүүcү божомолдонууда. Жолдо жүрүүдө бардык коопсуздук эрежелери сакталып, унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
![Бишкекте кар жаган учурда кишилер Бишкекте кар жаган учурда кишилер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.02.2022](https://sputnik.kg/img/07e6/02/0a/1061930480_0:411:3067:1638_1920x0_80_0_0_783ae9b4fa387d739676522ef515d665.jpg)
13 Бирдин айы 2022, 10:29