https://sputnik.kg/20220215/bank-kartasy-tuuraluu-maalymat-koopsuzduk-1062055280.html
Банк картасындагы кайсы маалыматтар сыр бойдон калышы керек? Юристтин кеңеши
Банк картасындагы кайсы маалыматтар сыр бойдон калышы керек? Юристтин кеңеши
Sputnik Кыргызстан
Адистин айтымында, сизге акча которчу адамга картанын негизги бетиндеги номерди жана аты-жөнүңүздү гана айтуу керек. 15.02.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-02-15T11:13+0600
2022-02-15T11:13+0600
2022-02-15T11:14+0600
банктык карта
коопсуздук
маалымат
адис
юрист
кеңеш
https://sputnik.kg/img/104820/63/1048206321_0:29:3013:1723_1920x0_80_0_0_592e83bc286094be61ebee622a944a88.jpg
БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Юрист Егор Редин банк картасындагы кайсы маалыматты башкаларга берсе болорун, кайсыны сыр бойдон сактоо керектигин "Прайм" агенттигине түшүндүрүп берди.Алгач адис картанын өзүндө кандай маанилүү маалымат бар экенин эске салды. Алар: картанын номери (негизги бетинде көрсөтүлүп, бир нече цифрадан турат), ээсинин аты-жөнү, жарактуу мөөнөтү, CVV-код (картанын арткы бетинде, үч цифрадан турат).Рединдин айтымында, акча которчу адамга картанын негизги бетиндеги номерди жана аты-жөнүңүздү гана айтуу керек.Ошондой эле ал бейтааныш адамга эч качан банктык эсептерге байланыштуу сыр сөз сыяктуу маалыматтар менен бөлүшпөш керектигин эске салды.
https://sputnik.kg/20220117/lalafo-arkyluu-aldagan-shyluundar-1061306479.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104820/63/1048206321_68:0:2799:2048_1920x0_80_0_0_1840787d096ec27423973eea76e730fa.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
банктык карта, коопсуздук, маалымат, адис, юрист, кеңеш
банктык карта, коопсуздук, маалымат, адис, юрист, кеңеш
Банк картасындагы кайсы маалыматтар сыр бойдон калышы керек? Юристтин кеңеши
11:13 15.02.2022 (Жаңыртылды: 11:14 15.02.2022) Адистин айтымында, сизге акча которчу адамга картанын негизги бетиндеги номерди жана аты-жөнүңүздү гана айтуу керек.
БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Юрист Егор Редин банк картасындагы кайсы маалыматты башкаларга берсе болорун, кайсыны сыр бойдон сактоо керектигин
"Прайм" агенттигине түшүндүрүп берди.
Алгач адис картанын өзүндө кандай маанилүү маалымат бар экенин эске салды. Алар: картанын номери (негизги бетинде көрсөтүлүп, бир нече цифрадан турат), ээсинин аты-жөнү, жарактуу мөөнөтү, CVV-код (картанын арткы бетинде, үч цифрадан турат).
Рединдин айтымында, акча которчу адамга картанын негизги бетиндеги номерди жана аты-жөнүңүздү гана айтуу керек.
"Ал эми башка маалыматтар эч кимге берилбеши зарыл. Аларды билип алган тарап картанын ээси кыла алган бардык операцияларды аткара алат", — деди адис.
Ошондой эле ал бейтааныш адамга эч качан банктык эсептерге байланыштуу сыр сөз сыяктуу маалыматтар менен бөлүшпөш керектигин эске салды.