00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стоп-кадр
“Чоочун киши” сериалынын 2-сезону көрүүчүлөрдү эмнеси менен таң калдырат?
15:08
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Холден Колфилд: герой нашего времени или бунтарь без причины?
18:06
49 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Адамдын колунан келбеген кооздукту жараткан чымчыктар. Суктанткан видео

Жазылуу
Жапайы жаратылышты тарткан израилдик фотограф Альберт Кешет жакында эле өзүнүн күйөрмандарына кол башындай болгон куштар жараткан кооздукту көрсөтүп берди.
Кешет таң атпай туруп алып Иордан суусуна жакын жайгашкан өрөөнгө жапайы өсүмдүктөр менен куштарды тартып келүү үчүн жөнөп кеткен.
"Өрөөндө жакшы кадрларды издеп жүрүп, кара чыйырчыктардын тобуна көзүм түштү. Сиздерге көрсөткөн керемет кооздукту тартуу үчүн алардын артынан беш же алты сааттай жүрдүм", — деп айтып берген фотограф BBC журналисти менен сүйлөшүп жатып.
Кадрдан адамдар жай турмушта же үңүлүп карамайын байкала бербеген мурмурациянын сонун ирмемдерин көрүүгө болот.

"Бир учурда асманга дуу эте көтөрүлүп, анан ойкуп-кайкып учуп, бийлей башташты. Беш секунд ичинде ошончо жүздөгөн чымчыктар кашыктын формасын түздү, кайра ийрейип калганын элестеткен сүрөттү байкадым", — деген ал таңгалуу менен.

Фотограф видеону жарыялагандан соң социалдык тармактын колдонуучулары арбын пикирин жазып, суктанып, бир катарлары чымчыктардын чеберчилигине баа берип, таасирленгенин билдиришкен.
Мурмурация учурунда чыйырчыктардын ылдамдыгы саатына 40 чакырымга жетет. Окумуштуулар канаттуулардын бул аракети сырткы кооптуулуктан, жырткыч куштардан коргонуусу экенин да айтышат. Кызыгы, чымчыктар шукшурула ылдый түшүп же жогору көздөй зыпылдаганда бири-бири менен кагылышпайт, бири-бирине урунуп албайт.
Жаңылыктар түрмөгү
0