https://sputnik.kg/20220222/altynay-omyrbekova-eaeb-migrant-zhenildik-1062268045.html
ЕАЭБ мигранттарынын медкароодон өтүү шартын жеңилдетчү сунуштама иштелип чыкты
ЕАЭБ мигранттарынын медкароодон өтүү шартын жеңилдетчү сунуштама иштелип чыкты
Sputnik Кыргызстан
Сунуштамада процедурадан өтүү мөөнөтүн 90 күнгө чейин узартуу, 18 жашка чейинки балдарды текшерүүдөн толугу менен бошотуу камтылган. 22.02.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-02-22T16:29+0600
2022-02-22T16:29+0600
2022-02-22T18:00+0600
экономика
кыргызстан
россия
еаэбдеги кыргызстан
алтынай өмүрбекова
мигрант
пресс-борбор
https://sputnik.kg/img/07e5/02/0f/1051462360_0:38:3073:1766_1920x0_80_0_0_06193506b90a8eeef9d04e36198d816a.jpg
БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн мигранттарын медициналык кароодон өткөрүүнү жеңилдетүү сунуштамасы иштелип чыкты. Бул тууралуу ЕЭКтин Эмгек миграциясы жана социалдык коргоо департаментинин директору Алтынай Өмүрбекова Sputnik агенттигинде өткөн видеокөпүрөдө билдирди.ЕЭКтин бажы кызматташтыгы боюнча министри Максат Мамытканов 5-февраль күнү Өмүрбекова экөө көп функционалдуу "Сахарово" миграциялык борборго барып келгенин билдирди. Ал жерден мигранттар медициналык текшерүүдөн жана дактилоскопиялык каттоодон өтүп жатышкан. Мамыткановдун айтымында, ал жерде узун кезек жаралып, ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн жарандары дагы кыйынчылыкка кептелген. Анын ичинен биримдикке мүчө эмес өлкөлөрдүн жарандары 95 пайызды түзгөн. Ал Өмүрбековага ЕАЭБ мамлекеттеринин мигранттары үчүн өзүнчө шарт түзүү маселесин көтөрүүнү сунуштаган.Андан соң Өмүрбекова кырдаал тууралуу айтып берди. Анын сөзү тезис түрүндө берилет:ЕЭКтин Эмгек миграциясы жана социалдык коргоо департаментинин кызматкерлери кечээ, 21-февралда, мониторинг жүргүзүү үчүн "Сахарово" миграциялык борборуна барып келди. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандары үчүн өзүнчө коридор уюшулган, бирок процедурадан өтүүдө дагы деле кыйынчылык жаралууда. Себеби ичине киргенде баары топтолот;Мигранттар жана борбордун жетекчилиги менен сүйлөшүүдө процедуралардан өтүүгө орточо төрт саат убакыт кетери белгилүү болду. Мурда эртеден кечке чейин отуруп да кезек жетпей калганына даттанып жатышкан;ЕЭК шарттарды жакшыртуу боюнча расмий түрдө сунуштама жиберди. Анда Россияга киргенден кийин процедурадан өтүү мөөнөтүн 30дан 90 күнгө чейин узартуу, 18 жашка чейинки балдарды мындай текшерүүдөн толугу менен бошотуу, процедуранын жыйынтыктарын электрондук түрдө аралыктан берүү;ЕЭК текшерүүдөн өтө турган пунктуларды дагы көбөйтүү багытында иштейт, азырынча бир эле "Сахарово" бар.
https://sputnik.kg/20220222/talant-mamytov-rossiya-kara-tizme-amnistiya-1062263529.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/02/0f/1051462360_150:0:2881:2048_1920x0_80_0_0_49e07c0e72bcccd76827ebebebd873f8.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
экономика, кыргызстан, россия, еаэбдеги кыргызстан, алтынай өмүрбекова, мигрант
экономика, кыргызстан, россия, еаэбдеги кыргызстан, алтынай өмүрбекова, мигрант
ЕАЭБ мигранттарынын медкароодон өтүү шартын жеңилдетчү сунуштама иштелип чыкты
16:29 22.02.2022 (Жаңыртылды: 18:00 22.02.2022) Сунуштамада процедурадан өтүү мөөнөтүн 90 күнгө чейин узартуу, 18 жашка чейинки балдарды текшерүүдөн толугу менен бошотуу камтылган.
БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн мигранттарын медициналык кароодон өткөрүүнү жеңилдетүү сунуштамасы иштелип чыкты. Бул тууралуу ЕЭКтин Эмгек миграциясы жана социалдык коргоо департаментинин директору Алтынай Өмүрбекова Sputnik агенттигинде өткөн видеокөпүрөдө билдирди.
ЕЭКтин бажы кызматташтыгы боюнча министри Максат Мамытканов 5-февраль күнү Өмүрбекова экөө көп функционалдуу "Сахарово" миграциялык борборго барып келгенин билдирди. Ал жерден мигранттар медициналык текшерүүдөн жана дактилоскопиялык каттоодон өтүп жатышкан. Мамыткановдун айтымында, ал жерде узун кезек жаралып, ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн жарандары дагы кыйынчылыкка кептелген. Анын ичинен биримдикке мүчө эмес өлкөлөрдүн жарандары 95 пайызды түзгөн. Ал Өмүрбековага ЕАЭБ мамлекеттеринин мигранттары үчүн өзүнчө шарт түзүү маселесин көтөрүүнү сунуштаган.
Андан соң Өмүрбекова кырдаал тууралуу айтып берди. Анын сөзү тезис түрүндө берилет:
ЕЭКтин Эмгек миграциясы жана социалдык коргоо департаментинин кызматкерлери кечээ, 21-февралда, мониторинг жүргүзүү үчүн "Сахарово" миграциялык борборуна барып келди. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандары үчүн өзүнчө коридор уюшулган, бирок процедурадан өтүүдө дагы деле кыйынчылык жаралууда. Себеби ичине киргенде баары топтолот;
Мигранттар жана борбордун жетекчилиги менен сүйлөшүүдө процедуралардан өтүүгө орточо төрт саат убакыт кетери белгилүү болду. Мурда эртеден кечке чейин отуруп да кезек жетпей калганына даттанып жатышкан;
ЕЭК шарттарды жакшыртуу боюнча расмий түрдө сунуштама жиберди. Анда Россияга киргенден кийин процедурадан өтүү мөөнөтүн 30дан 90 күнгө чейин узартуу, 18 жашка чейинки балдарды мындай текшерүүдөн толугу менен бошотуу, процедуранын жыйынтыктарын электрондук түрдө аралыктан берүү;
ЕЭК текшерүүдөн өтө турган пунктуларды дагы көбөйтүү багытында иштейт, азырынча бир эле "Сахарово" бар.
22 Бирдин айы 2022, 14:54