https://sputnik.kg/20220314/bishkek-onor-zhay-korgozmo-1062825673.html
Бишкекте ири өнөр жай көргөзмө-жарманкеси ачылат
Бишкекте ири өнөр жай көргөзмө-жарманкеси ачылат
Sputnik Кыргызстан
Иш-чара 23-марттан 1-апрелге чейин созулат. Программа көргөзмө жана жарманке деген эки бөлүктөн турат. 14.03.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-03-14T13:15+0600
2022-03-14T13:15+0600
2022-03-14T13:16+0600
кыргызстан
соода-өнөр жай палатасы
көргөзмө
жарманке
https://sputnik.kg/img/07e6/03/0e/1062825887_0:174:3025:1875_1920x0_80_0_0_cad96940d2149542e8836251666101d9.jpg
БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Бишкекте EXPO EURASIA – KYRGYZSTAN 2022 ири өнөр жай көргөзмө-жарманкеси ачылат. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасы билдирди.Иш-чара 23-марттан 1-апрелге чейин созулат. Программа көргөзмө жана жарманке деген эки бөлүктөн турат. Жарманке 25-мартка чейин өтүп, ага ЕАЭБ мамлекеттеринин өкүлдөрү катышары белгиленди.Көргөзмөнүн максаты — ата мекендик жана чет элдик сапаттуу продукция менен кызматтарды ички, тышкы рыноктордо алдыга жылдыруу, Евразия өлкөлөрүнүн ортосунда экономикалык, илимий-техникалык, маданий кызматташууну илгерилетүү болуп эсептелет."Көргөзмөдөн соң дароо эле 26-марттан 1-апрелге чейин элдик колдонуудагы товарлардын жарманкеси өтөт. Меймандарга эмерек, тамак-аш, суусундук, бал продукциясын, тиричилик буюмдарды, жеңил өнөр жай продукция өндүрүүчүлөрдөн түз, базардагыдан төмөн баада сатып алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт", — деди Соода-өнөр жай палатасынан.Көргөзмө-жарманкенин дареги: Бишкек ш., "АЮ-Гранд" соода борбору, Чолпон-Ата көчөсү 2, (Горький көчөсү менен кесилишет).Көргөзмө-жарманкеде Бизнес-акыйкатчы институту маалыматтык сессия өткөрөт. Темасы: "Бизнес-акыйкатчы: жеке ишкерлердин укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын сакчысы". Бардык каалоочулар бул иш-чарага 24-март күнү Expo Eurasia – Kyrgyzstan 2022 алкагында катыша алат. Башталышы: 11:00.
https://sputnik.kg/20220301/saud-araviya-kyrgyzstan-produkciya-korgozmo-zharmanke-1062479769.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/03/0e/1062825887_146:0:2877:2048_1920x0_80_0_0_bc2b8e676ec05745e5f47e7aa4978e69.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, соода-өнөр жай палатасы, көргөзмө, жарманке
кыргызстан, соода-өнөр жай палатасы, көргөзмө, жарманке
Бишкекте ири өнөр жай көргөзмө-жарманкеси ачылат
13:15 14.03.2022 (Жаңыртылды: 13:16 14.03.2022) Иш-чара 23-марттан 1-апрелге чейин созулат. Программа көргөзмө жана жарманке деген эки бөлүктөн турат.
БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Бишкекте EXPO EURASIA – KYRGYZSTAN 2022 ири өнөр жай көргөзмө-жарманкеси ачылат. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасы билдирди.
Иш-чара 23-марттан 1-апрелге чейин созулат. Программа көргөзмө жана жарманке деген эки бөлүктөн турат. Жарманке 25-мартка чейин өтүп, ага ЕАЭБ мамлекеттеринин өкүлдөрү катышары белгиленди.
"Коноктор курулуш, дизайн, интерьер, транспорт, логистика, лизинг, энергетика, өрт жана техникалык коопсуздук тармактары, банк, камсыздандыруу компанияларынын кызматтары менен тааныша алат. Көргөзмөнүн жалпы аянты эки миң чарчы метрди түзөт", — деп айтылат маалыматта.
Көргөзмөнүн максаты — ата мекендик жана чет элдик сапаттуу продукция менен кызматтарды ички, тышкы рыноктордо алдыга жылдыруу, Евразия өлкөлөрүнүн ортосунда экономикалык, илимий-техникалык, маданий кызматташууну илгерилетүү болуп эсептелет.
"Көргөзмөдөн соң дароо эле 26-марттан 1-апрелге чейин элдик колдонуудагы товарлардын жарманкеси өтөт. Меймандарга эмерек, тамак-аш, суусундук, бал продукциясын, тиричилик буюмдарды, жеңил өнөр жай продукция өндүрүүчүлөрдөн түз, базардагыдан төмөн баада сатып алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт", — деди Соода-өнөр жай палатасынан.
Көргөзмө-жарманкенин дареги: Бишкек ш., "АЮ-Гранд" соода борбору, Чолпон-Ата көчөсү 2, (Горький көчөсү менен кесилишет).
Көргөзмө-жарманкеде Бизнес-акыйкатчы институту маалыматтык сессия өткөрөт. Темасы: "Бизнес-акыйкатчы: жеке ишкерлердин укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын сакчысы". Бардык каалоочулар бул иш-чарага 24-март күнү Expo Eurasia – Kyrgyzstan 2022 алкагында катыша алат. Башталышы: 11:00.
1 Жалган Куран 2022, 10:26