00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Без страховки никуда: ЖК одобрил закон о страховке жилья от ЧП и пожаров
08:04
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Биринчи жолу "Санарип дыйкан 2025" форуму өтөт — жасалма интеллект, инновациялык технологиялар
09:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Как ЕАЭС вписывается в изменяющуюся мировую картину?
10:04
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Салык реформасындагы акыркы өзгөртүүлөр — бизнес ээлерине кандай таасир этет?
11:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Физика и математика в увлекательном формате: Кыргызстан в проекте «Сила ума»
12:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Особый акцент
ЕАЭБде атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу — Мыйзамдарды шайкеш келтирүү кайсы этапта?
13:05
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Өлкөгө кирген инвестициялар көбөйүп, чыккан инвестиция кыйла азайды
15:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Лечебный массаж: когда он необходим и как работает?
16:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Протекционизм учурдагы дүйнөлүк экономикага керекпи?
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Национальная олимпиада по точным наукам: как формируется интеллектуальный резерв Кыргызстана
18:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Улуу Ата Мекендик согуш темасы мектептерде кандай окутулууда?
19:06
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Өлкөгө кирген инвестициялар көбөйүп, чыккан инвестиция кыйла азайды
21:04
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Жумагожоев: жасалма сүт ичкен ымыркай ашказан, ичеги ооруларына кабылат

© Sputnik / Асель Сыдыкова№3 шаардык балдар ооруканасынын кыска мөөнөткө дарылоо бөлүмүнүн педиатры Султан Жумагожоев
№3 шаардык балдар ооруканасынын кыска мөөнөткө дарылоо бөлүмүнүн педиатры Султан Жумагожоев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.03.2022
Жазылуу
№3 шаардык балдар ооруканасынын кыска мөөнөткө дарылоо бөлүмүнүн педиатры Султан Жумагожоев эмчек эмген бала жетиштүү азык алгандыктан териси жылмакай болуп, салмагы, бою туура калыптанарын айтты.
Баланын туура тамактануусу түйүлдүк кезинде эле башталышы керек. Демек, аял кош бойлуу кезинде эле жетиштүү, пайдалуу азыктарды жеши зарыл. Эненин рационунда дан, жашылча-жемиштер, эт жана сүт азыктары болушу шарт. Бул тууралуу Султан Жумагожоев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Жумагожоев: жасалма сүт ичкен ымыркай ашказан, ичеги ооруларына кабылат
Анын айтымында, наристеге алты айга чейин энесинин сүтүнөн башка эч кандай кошумча тамак, суу дагы берүүнүн кереги жок.
"Эне сүтүндө баланын толук кандуу чоңоюшуна керектүү бардык микроэлементтер камтылган. Ошондуктан ымыркайды жарык дүйнөгө келгенден тарта эмчек сүтү менен багууну сунуштайбыз (эки жашка чейин же андан жогору). Эмчек эмген бала жетиштүү азык алгандыктан териси жылмакай болуп, салмагы, бою туура калыптанат. Ал эми жасалма сүт (смесь) менен тамактанган балада ашказан оорулары көбүрөөк катталат. Себеби беш кол тең эмес, бардыгы эле аралашманы даярдоодо гигиенаны сактай бербейт. Бала алты айга толгондо кошумча азык бере баштаса болот. Бууга, сууга бышырылган тамактар сунушталат. Таза, жаңы даярдалган азыктарды берсе баланын чоңоюусуна абдан жакшы. Жер-жемишти көбүрөөк колдонуу керек. Ошондой эле эт, сүт азыктарын пайдаланса болот. Мисалы, алгач 1-2 чай кашыктан баштаңыз. 7 айында азыктын көлөмүн көбөйтүп, бир жеген тамагынын көлөмүн 150 граммга чейин жеткириңиз (болжол менен 10 кашык). Балага картошка, сабиз, ашкабак, брокколи жана башка жашылчадан жасалган пюре, күрүч, гречка, жүгөрү, сулудан жасалган буламык берсе болот. 7-8 айынан баштап жогоруда айтылган тамактарга эзилген эт кошуңуз. Ошондой эле алма, алмурут, өрүк сыяктуу мөмө-жемиштерди кошсоңуз болот. 9-11 айлык баланын тамактануусу мурункудай эле, бирок тамакты эзбестен майда бөлүкчөлөргө туурап берүү керек (15 кашык). Тиши чыга баштаган наристе кесилген алма, сабизди өз колу менен кармап, чайнап жегенге аракет кылсын. Бөбөк бир жашынан баштап чоңдор менен дасторконго отуруп тамактанса болот. Эки жашка чейин наристенин мээси толук калыптанат. Андыктан балага дан, жашылча-жемиштер, эт жана сүт азыктарынан турган байытылган тамак берүү маанилүү", — деди Жумагожоев.
Ал балага таттуу, чипсы, кириешкинин ордуна кургатылган жемиш, как берүү керектигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0